Шашылыш билдирүү: 10-11-июнь күндөрү өлкөнүн айрым аймактарында катуу шамал жүрүшү күтүлөт

2017-жылдын 10-11-июнь күндөрү өлкө аймагында катуу шамал жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул күндөрү республиканын аймактарында күн күркүрөп, мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2017-жылдын 10-15-июндарында абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Суу жээктерин жууп кетүү жана дарыялардын нугуна жакын аймактарындагы жайылма тилкелерди суу каптоосу ыктымал. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
barakcha
2017-06-10 14:37:26
Кудай сактасын!
+2
Aman97kg
2017-06-10 14:38:46
Ей аллахым өзүн сактай көр кырсыктардан
+1
ABDulHai
2017-06-10 17:48:05
Аллаh билүүчү.☝
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан