О! мобилдик операторунун сүйлөшүүлөрдүн конфиденциалдуулук деңгээлин жөнгө салуучу түрдүү эки кызматы бар.
Кантип кошуу керек?
Чексиз жашыруу. Эгер Сиз дайыма Сиздин чалууңуз күтүлбөгөн белек болууну кааласаңыз, «АнтиАОН» кызматын пайдаланыңыз. Бул сервис каалаган телефон номерине чыгуучу чалууларда өз номериңизди дайыма жашыруун кылууга мүмкүндүк берет. Кызматты 747# чакырык буйрутмасы менен кошуңуз. Сырдын баасы – кызматты кошуу үчүн 19,99 сом жана «инкогнито» режиминде чалуу үчүн 4,99 сом/күнүнө.
Номерди билүүгө бир жолку тыюу салуу. Номерди жашыруун кылуунун дагы бир жолу бар, бирок ал белгилүү бир сүйлөшчү адам үчүн гана «АнтиАОН+» кызматы аркылуу мүмкүн. Ал үчүн алдын ала кызматты *731#чакырык менен кошуп, #31# абоненттин номерин терүү керек. Активдештирген учурдан тартып алгачкы 3 күн акысыз берилет. Андан кийин абоненттик төлөм болгону 1,99 сом/күнүнө түзөт.
«АнтиАОН» сериясындагы кызматтар жөнүндө кенен маалыматты компаниянын сайтынан www.o.kg «Чалууларды башкаруу» бөлүмүнөн билүүгө болот.