Жалпы республикалык тесттен бул жылы эң жогорку балл 236 балл болду. Аны Бишкек шаарындагы мектеп-гимназиянын окуучусу алды.
Билим берүү жана илим министринин SUPER.KG'ге берген маалыматына ылайык, бул жылы "алтын" сертификат эң алдынкы балл алган 55 окуучуга берилет. Алар жогорку окуу жайларга сынаксыз өтүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Өткөн жылы өлкө боюнча эң жогорку - 237 баллды Бишкек шаарынын №61-физика-математикалык мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Данияр Ибраимов, 2015-жылы да ЖРТ боюнча эң көп - 236 баллды ушул эле мектеп-гимназиянын бүтүрүүчүсү Вадим Курочкин топтогон.
Жалпысынан үстүбүздөгү жылы 47 523 окуучу тест тапшырып, жыйынтык чыгарылып сертификаттар мектептерге жөнөтүлдү. Сертификаттар бүтүрүүчүлөргө аттестат берилген күнү тапшырылат. 2012-жылдан бери жалпы республикалык тесттен эң жогорку балл алган абитуриенттер каалаган окуу жайында бюджеттик негизде билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.