"Орусияга иштегени кеткен бойдон дайынсыз деп изделип жаткан Замирбек Атамкулов табылды" дейт Екатеринбургда эмгектенген Кыргыз жараны

3,5 жыл мурун Орусияга иштегени кеткен бойдон дайынсыз деп изделип жаткан Замирбек Атамкулов табылганын Екатеринбург шаарында жашап жаткан мекендешибиз Аида Камбарова SUPER.KG порталына кабарлады.

"Екатеринбург шаарында Замирбек Атамкуловдун дарегин бир эже тааптыр. Кечээ бул жактагы кыргыз жигиттери Замирбек менен жолугушту. Анын документтери жок экен. Бүгүн Екатеринбургдагы мекендештерибиз документтерин бүтүрүп, билетин алып Кыргыз жерине бара турган автобуска салып жиберишти", - дейт Орусияда иштеген мекендешибиз.

Айта кетсек, 19-майда интернет айдыңына Орусияга иштегени кетип дайынсыз жоголгон баласын издеп, күткөн эненин видео аркылуу кайрылуусу тараган эле. Анда "Уулум, Замкөөбай, сени сагындым. Бир көрүп өлсөм, арманым жок эле" деп эненин көзгө жаш алганын көрүүгө болот. Кийинчерээк "Апа, мен барам" деп ыйлаган баланын видеосу чыккан. Бишкектин тургуну ал жалган айтып жатканын кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (37)
lolo.1
2017-06-16 13:19:22
апасы менен жолукканын да тартып кабардар кылыныздарчы урматтуу суперчилер.жардам берген адамдарга Алла ыраазы болсун орозодо сооп иш кылдыныздар мекендештер бар болгула!
+2
nurbekasr
2017-06-16 14:47:19
Афоня жетим эмесби дагы,Россияга барып арттисттик актёрлук чеберчилигин көрсөткөн.Бирок чын Замкообай болсо абдан кубанычтуу кабар.
+1
bai.2011
2017-06-16 15:22:05
nurbekasr,афония дейсинер экоонун тагдыры окшош экен байкуш эмне кылсын ал да апасын сагынып кеткиси келип ушул жолго баргандыр ким билет тагдыр да
+2
arzygulR
2017-06-16 15:29:02
bai.2011,ага деле жардам беришип койсо
болмок кыргызго
0
meni_kut
2017-06-16 16:27:12
nurbekasr,Замкоо эмес Афоняны жонотушуптур
+1
nurbekasr
2017-06-16 14:48:25
Ошончо таап жолго салган экен,самолётко салса жакшы болмок.Жолдон Афоня азгырып жүрбөсүн.
+2
jonne
2017-06-16 15:05:56
Биз кыргыздар чет жака чыгып иштеп мекендин элибиздин кадырын билип калдык
0
Leilektik
2017-06-16 15:10:04
Супер,инфо учурашуусун тартып чыгаргыла королу сураныч акыркы ыйлаганым эсимденда чыгып калган эне баланын жолугуусун коргон ар бир эркек ыйласа керек суйунучтон,ыйласакда суйунучтон ыйлайлы ичтеги каттып калган жашыбызды тоголучу ,эненин кайрылуусун коруп ыйлайалбай койдум жолуугуусун корсом точно ыйласам керек
+2
arzygulR
2017-06-16 15:30:16
Чын бекен жалган бекен точнасын айтып койгулачы аябай суйунгон болчум
+1
Ma9
2017-06-16 16:13:28
Суйунуп козумон жаш аккан болчу энесин эстеп сураныч тактап койгулачы чын эле Ким Шафкатпы
0
meni_kut
2017-06-16 16:14:40
Супер инфо сураныч жооп берип койгулачы.Екатеринбургдагы мекендештер мн байланыштым.Ичип бомж болуп кеткен Шафкатты жонотушуптур.14-июнь куну жонотушуптур эртен жетет экен...Эненин баласы Замир табыла элек экен...эх((
+1
Ma9
2017-06-16 16:30:30
meni_kut,сиздин жазганызды очуруп койушканбы
+1
meni_kut
2017-06-16 16:33:30
Ma9,тактап атышат окшойт,жооп да бербейтат
+1
admin_superstan
2017-06-16 17:29:03
meni_kut, аракет кылабыз.
+1
BekAmir
2017-06-16 17:43:06
Энен бар доолотун бар. Эми энени жалгыз таштабай жакшы бак
0
jonne
2017-06-16 18:03:35
Замир эмес болуп калса дагы шагыбыз сынабы калын эл журт издеп атышат Замкоонун алты саны аман болсо эле болду кайерден болсун кыргыз элим сени суруп чыгат Замкоо кабарынды билдир
+2
meni_kut
2017-06-16 20:19:47
jonne,Замир эмес экен.Маалымат такталды.Шафкат экен...Замкоону издоону улантуу керек.
+1
madina.87
2017-06-16 21:15:53
Анан элди эмне алдашат тооба.
Орозонун кунундо.
+1
Askarbek15
2017-06-16 21:20:32
Сиздерден Аллах ыраазы болсун видео ролик кылсаныздар соонун болот эле баланын жолугушуусун
0
ms-23
2017-06-16 23:48:41
Мана баарынан кызыгы, эненин жузунон суйунучун корсом болду эле, видеосун болбосода суротун..
0
ms-23
2017-06-16 23:51:27
Супер и кабарлашып тургуа ошолор мн
0
ali1995
2017-06-17 02:40:02
Биро айтканын эле жаза бересинерби?обетке чейн андай обеден кийин мындай деп!!такова жазсанар!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан