Патрулдук милиция кызматкеринин айдоочуга орой мамиле жасап, коркутканы боюнча кызматтык иликтөө башталды

Бүгүн, 16-июнда Патрулдук милиция кызматкери менен айдоочунун ортосундагы кайым айтышуу жазылып калган видео интернетке тарады. Видеодо айдоочу телефондун камерасына тартуу үчүн инспектордун жанына барганы көрсөтүлөт. Ошол учурда инспектордун айдоочунун телефонун колунан жулуп алып, чөнтөгүнө салып койгонун көрүүгө болот. Андан соң экөөнүн сүйлөшкөн сөздөрү баары жазылып калган. Андагы сөздөргө караганда орган кызматкери айдоочуга орой мамиле жасап, "керек болсо өлтүрүм коём" дегени угулат.

Окуя боюнча SUPER.KG'ге Чүй облустук Патрулдук милициянын басма сөз катчысы Тилек Исаев кызматкер ким экендиги аныкталгандыгын айтып берди.

"Окуя кечээ, 15-июнь күнү Чүй районунун аймагында Бишкек-Балыкчы жолунда болуптур. Окуяга катышкан милиция кызматкеринин өздүгү такталды, ал Анарбек Үмөтов аталган райондун Патрулдук милициясында иштейт. Учурда бул кызматкердин үстүнөн Чүй ОИИБинин өздүк коопсуздук кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүп баштады. Жыйынтыгында ал инспектордун күнөөсү болсо мыйзамда каралган жазасын алат. Жетекчилик уруксат берсе ошол инспектордун төшүндөгү камеранын видеолорун да жакынкы күндөрү жарыялайбыз", - деди Исаев.

ПМ кызматкери айдоочуну өлтүрөм деп коркутту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
CHOTON_86
2017-06-16 14:28:38
Мен кече эле айткам. Пагону менен анча мынча адамдарды адам катарында корбойт деп....
+4
Anikin83
2017-06-16 14:48:57
Катуу чара коруш керек,кызматтан алып.Олтуруп салам дейт го жон эле,озун аябай эле сезип алыптыр согунуп формачан ХХХ
+6
Karaan
2017-06-16 16:15:37
Менттин камерасы очук болгон болсо керек, суротун жарыя кылгыла.
+3
kyrgyz-patriotu
2017-06-16 18:25:08
Озунун элин сыйлаш керек мамлекеттик кызматта иштегендер. Олтуруп коём дегени эмнеси экен. Же бизди мамлекет коргой албайбы?! Жоопко тартылышы керек суйлогон созу учун мыйзам чегинде. Админ. сураныч ушул ишти аягына чейин иликтеп чыксанар сураныч.
+2
abusait
2017-06-16 18:53:09
Абдан коопту болуп барататко жашообуз. Бири он кишиге зордотом десе бири олтуруп коем десе .. Же булар жоопко тартылбай ээн журсо..
+3
nurbekasr
2017-06-16 19:14:24
Копкен неме экен,бул ментти ХХХ
+1
Nevestkaa
2017-06-17 10:19:27
Тв Кайгуулда ГАИлер момолой момун болуп даже тартип бузгандарды да урушпай сылык сыпаа болуп каласыңар эле го.Мына чыныгы жүзү,өтө эле грубый экен го нервке тийбе дейт го.Орозобуз деп алып XXX дегенин XXX
0
tyhcaiym
2017-06-17 13:50:59
Врачтарда адам катары көрбөйт эптеп эле отуурмай дордойдогу поликилиниканын врачтары аман эле болсун качан барба ордунда жоок же болсода не понятно дешип баламын тамагы ириңдеп эртеменен апарсам педиатыры жоок медсестралары эчтеке билбей терапевтке жөнөтсө анысыда жыйырма минутта зорго озун кыймылдатып ыйлап атканын көрсөда унчукпай үчүнчү больницага алып бар дейт зорго кайдыгер карашпаса акыры балаго ыйлаганына чыдабай кошо ыйлайсың аларга болсо бары бир звонок келсе жооп берип ушак айтып отуу
0
senchi
2017-06-21 20:35:26
Орозомун деп согунуп жататко, орозон кабыл болбойтко сенин.
0
Mirkgz-1990
2017-06-21 23:06:53
Формасына ишенген бироого ушул адамдарды кантип гаиге алышат кээбир гаишниктер бар кудайдан эле кийинки адамдардай герсейген
0
Nargiza1987k
2017-06-21 23:42:27
Каттуу чара коруш керек
+1
novayariga
2017-06-22 01:19:17
Сосновканын каракчылары жонундо да жазгыла Супер Инфо. ГАИси ,налоговойу нак каракчылар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан