ЖЫЛНААМА, 18-ИЮНЬ: 6 жыл мурун айтылуу манасчы Уркаш Мамбеталиев дүйнө салган

Мындан 6 жыл мурун, 2011-жылы 18-июнда Бишкектеги Улуттук филармонияда Кыргыз мамлекетинин элдеринин ассамблеясынын курултайына катышуу үчүн келген белгилүү манасчы жана коомдук ишмер Уркаш Мамбеталиев каза болгон.

Ал Түп районунун Талды-Суу айылында 1934-жылы 8-мартта туулган. 1948-жылы Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырып, аскерге кеткен. Армиядан кийин Ысык-Көл облусунун драма театрында актёр болуп эмгектенген. Андан соң Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясына манасчы болуп кабыл алынган. "Манас" эпосун Уркаш Мамбеталиевдин айтуусунда "Манастын колунун Чоң казатка аттанышы", "Колдун жолдо жүрүшү", "Алманбет менен Чубактын жол талашы", "Кичүү казат", "Көкөтөйдүн ашынан" үзүндүлөр Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Манас бөлүмүнө кабыл алынган.

Уркаш Мамбеталиевге 1991-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 1994-жылы Кыргыз Эл артисти деген ардактуу наамдар ыйгарылган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин президиуму тарабынан Ардак грамотасы менен сыйланган.

18-июнга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан