Токой чарба агенттигинин өкүлү баалуу бак-дарактуу токойлордун саны 30 пайызга көбөйгөнүн айтты

Бүгүнкү күндө өзгөчө баалуу бак-дарактуу токойлордун саны 30 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда парламенттин тармактык комитетинде Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлү билдирди. Анын айтымында, баалуу дарактарды кыюуга багытталган мораторийге чейин, 2006-жылы 540 жаңгак дарагы мыйзамсыз кыйылган. Ал эми азыркы учурда андай фактылар жокко эсе.

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде “Өзгөчө баалуу дарактарды кыюуга, ташууга, сатып алууга, сатууга даярдоого, пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды. Анда мораторийди 2030-жылга чейин узартуу каралып, мораторийдин мөөнөтүн узартуу - жаӊгак жана арча токойлорун сактоого жана токойдун аянтынын кеңейишине шарт түзөрү белгиленди.

Ошондой эле кыйылган 1 түп баалуу дарактын ордуна 100 түп бак отургузуу каралып, бирок өкмөт өкүлдөрү 100 түп көп экенин билдиришти. Мунун негизинде кыйылган дарактын ордуна отургузулчу бактын саны 10го чейин кыскартылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан