Бишкектеги жер алдындагы 2 өтмөктү оңдоого 59 миллион сом жумшалат. Чыгымдын жарымын ишкерлер төлөй тургандыгы айтылды

Бишкек шаарындагы Чүй-Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктү оңдоп-түзөө үчүн жалданма ишкана менен 27 миллион сомго келишим түзүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Койчугул Ибраимов SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, жакынкы 1 апта ичинде оңдоо иштери Чүй-Абдырахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктө да башталат. Бул үчүн курулушту жүргүзө турган ишкана тендерден аныкталып, 32 миллион сомго келишим түзүлгөн.

"Учурда мэрия жана шаардык Патрулдук милиция башкармалыгы менен келишим түзүп, жолдун кесилишине кошумча белгилерди чийүү аракеттери көрүлүүдө", - дейт Койчугул Ибраимов.

Чүй-Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктө соода жүргүзгөн Дастан Мадаипов оңдоо иштерине чыгымдалган каражаттын 50 пайызын ишкерлер төлөй турганын билдирди.

"Азырынча акча бере элекпиз, бере турган акчанын суммасы да айтылган эмес. Бирок биз өтмөктү бошотуп жатканда мэрия менен ушундай келишим болгон. Буга чейин өтмөктө 86 иш оруну болсо, оңдоодон кийин 65и гана бериле тургандыгы айтылган", - дейт Мадаипов.

Бул боюнча Койчугул Ибраимов ишкерлер менен мындай келишим түзүлбөгөндүгүн белгиледи.

"Андай келишим түзүлгөн жок, бирок ооз эки сүйлөшүүлөр болгон. Кийин биз бул боюнча протоколго бекиттик. Мунун баарын оңдоп-түзөө иштери аяктап, павильондор коюлгандан кийин сүйлөшөбүз. Буга чейин 80ден ашык иш орду болсо, ишкерлердин сунушун эске алуу менен, эми 270 чарчы метр орун берилет. Ошондо 15-20дай жумуш орду азаят. Өтмөктүн эки четинен жумуш орундар берилбейт, узунунан кеткен ортолуктарга гана жайгаштырылат. Оңдоо иштерин 31-августка карата бүтүрүүнү мерчемдегенбиз", - деп кошумчалады Ибраимов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан