Орусиялык ишкер Ош шаарындагы аэропортту сатып алууга кызыкдар

Орусиялык ишкер, "Новапорт" холдингинин жетекчиси Роман Троценко Кыргыз өлкөсүндөгү жана Казакстандагы аэропортторду сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн кароодо. Бул тууралуу Роман Троценконун RNS маалымат агенттигине берген интервьюсунда белгилүү болгон.

RNS агенттиги жазгандай, буга чейин Троценко Түркия менен Флоренциядагы аэропортторду сатып алууга кызыкдар экенин билдирген.

"Иштетсе боло тургандай аэропорттор бар. Кызыктууларынын арасында - Хабаровск шаарындагы, Казакстандагы менчиктештирүүнүн жалпы программасы башталган аэропорттор бар. Орто Азиядагы, атап айтканда, Ош шаарындагы аэропорт да кызыктырат", - дейт ишкер.

Троценко орусиялык туристтер учкан аэропорттор менен гана алектенүүгө кызыкдар экенин белгилеген.

"Братислава, Флоренциядагы аэропорттор, Италия-Римини каттамы кызыктырат. Түркиядагы аэропорттор да кызыктырат, бирок ал жакта өздөрү аэропорттук операторлорун активдүү даярдашат", - деген ишкер интервьюсунда.

«Новапорт» жоопкерчилиги чектелген коому - аэропортторду өнүктүрүүнүн комплекстүү программасын ишке ашырууга багытталган ишкана. АЕОН Корпорациясына кирет.

«Новапорт» холдингине "Чита аэропорту" ААКсы, "Челябинск авиаишканасы" ААКсы, "Томск аэропорту" ЖЧКсы, "Алтай авиациялык ишканасы" ААКсы, "Астрахань аэропорту", "Волгоград эл аралык аэропорту", Новосибирск шаарындагы "Толмачево" аэропорту", Тюмень шаарындагы "Рощино" аэропорту", "Мурманск" аэропорту" ААКлары, Пермь шаарындагы "Большое Савино" аэропорту, Калининграддагы "Храброво" аэропорттору кирет.

Маалымат үчүн айта кетсек, Роман Викторович Троценко 46 жашта, "Роснефть" мамлекеттик ишканасынын президентинин кеңешчиси. "Forbes" журналы анын 2016-жылдагы байлыгын 750 миллион доллар деп жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (36)
Altyn2017
2017-06-21 13:48:09
Кыргызстан Оруссиянын автономдуу бир областыле болуп калдыго эмнеге Аша бир тараптуу саясат жургузуп атат Оруссияга коз каранды кылып буттуго бизди ойгонолу Кыргыз элим бул Аша Кыргызстанды сатып буто турган болдуго Парламент да балык парламент болуп калдыго Текебаев жок
+8
sirgak_92
2017-06-21 15:41:07
Altyn2017,далдырабачы
-7
Li-Li
2017-06-21 13:48:50
Сатып алса жогорку денгеелде ондоп тузоп,жакшы кылып койот беле.. Мамлекет эч нерсе жасай албаса,жок дегенде эл учун шарттары жакшырат деп ойлойм
-9
CEO
2017-06-21 14:02:43
Li-Li,эртен ар бир жургунчудон 50 же 100 доллардан пошлина кармаса, аэропорттун кызматынан пайдаланганын учун деп, сен толоп бересинби элдин баары учун?!!
+9
Li-Li
2017-06-21 15:19:23
CEO,кайсыл дуйнонун аэропортунда ошондой пошлина толонот экен,бир мисал келтире аласызбы?
0
CEO
2017-06-21 18:56:42
Li-Li, дуйнонун дээрлик бардык аэропортторунда толонот. Мисалы сен Ош-Бишкек же Ош-Москва багытында авиабилет сатып алдын дейли, ошол билетин наркынын бир болугун аэропорттун пошлинасы тузот.
+1
CEO
2017-06-21 19:01:21
Li-Li, Что входит в стоимость авиабилета? Первая часть цены — это тариф. Тариф — это стоимость перелета, установленная авиакомпанией. Его размер определяет авиакомпания.
Вторая часть цены за авиабилет — сборы и таксы на авиабилеты. Что это? Так называют аэропортовые сборы за наземное обслуживание воздушных судов.
0
CEO
2017-06-21 19:01:33
Li-Li, Вторая часть цены за авиабилет — сборы и таксы на авиабилеты. Что это? Так называют аэропортовые сборы за наземное обслуживание воздушных судов. Сюда входит плата за обслуживание самолетов и пассажиров, обеспечение безопасности и т. п. Таксы устанавливаются комиссией аэропорта. В сборы входят: топливный, страховой, сервисный (сбор за оформление билета, устанавливается авиакомпанией или ее агентом).
0
admin_superstan
2017-06-22 11:37:23
CEO, портал кыргыз тилдүү болгондуктан, кыргызча жазууну сунуштайм.
0
ABDulHai
2017-06-21 13:51:43
Ысык-көл туруп турсун барып туралы оо Кудай!!!
+10
CEO
2017-06-21 13:57:11
Анан да аэропорт жеке менчик колго отсо, ар бир жургунчудон 10-20 же 50$ толоону талап кылса байкуш жургунчудор айла жок толойт да. Ош шаарынан Кудайдын куттуу куну Москванын озуно эле 3-4 самолет учуп, кайра ошончосу келип конот. Санкт-Петербург, Новосибирск, Бишкек, Стамбул ж.б.рейстер ар куну толтура. Мигранттар кыйналып жатканда ансайын алардын канын соргусу келгендер табыла берет экен да. Эгер Оштун аэропорту сатылчу болсо, эл жон карап турбайт!!!
+7
ABDulHai
2017-06-21 14:08:26
Качанга чейин себебин билбей жашай берет экенбиз а чоңдор өздөрү билсе болду эл менен иши жок эмнеге себебин айтышпайт орусия Кыргыз өлкөсүнүн карызын кечти, НЕГЕ кечти? Кумтөрдү айтпай эле эл билет...
+1
omurbek1990
2017-06-21 14:12:21
750 миллион эле долларын бар экенго е эмне дердендейсин. Кыргызстанга кызыкпай ишини кыла бергин.
+6
Wolf_ero
2017-06-21 14:15:04
Ушул журогум бир нерсени сезген, жон жай эле кечип жибербеши керек элеееее.Кызыкдар деп созду айландырып бир нерсе кылат ушулар!
+9
Jarookerjan
2017-06-21 14:20:06
Дагы эмне балекеттин башын кылтыйтып жатат бул ишкер.Бул соз жон жерден чыкпаса керек.Демек чондорубуз аэропортту сатууну коздоп жатышат.Кыргызстаныбыздын дагы кайсы жерин,кайсы кен байлыгыбызды сатып жиберишет экен деп чоочулай берип журок заада болуп буттук.Жогорудагы саткыч чон курсактар тоюшпады же жарылып олушподу.Зээнди гана кейитишет да.
+8
dina1983-19
2017-06-21 14:24:16
Кызыкбай ХХХ жүрсүн.
+2
KGstan1981
2017-06-21 14:36:20
Путин 250 млн $ карызды жондон жон кечпейтда.Орустар айтмакчы бесплатный сыр только в мышеловке бывает.ХХХ
+8
CEO
2017-06-21 14:43:21
Тажатты ушул Атамбаев деген неме!!! Кыргызгазды 1 долларга орустарга карматты. Манас аэропортун да сатат сатат болуп эл нааразы болгонунан калып калган. Озбекистандын аскерлери Аксы менен Ала-Букада тез-тез "онор" корсотуп жатышат, биздин жерди ачык эле Озбекистандын территориясы деп. Баткенде да чек ара чыры Тажикистан жана Озбекистан менен токтобой келет. Эртен Атамбаев кызматтан кеткенде коншулар палан-тукун жерлерди Атамбаев саткан десе тан калып кереги жок.
+11
sirgak_92
2017-06-21 15:43:13
Эээээ Атамбаев деп турабы бул жерде.Козунорду чонурак ачып карагылачы.Кыргыздын карызын кечтирип келсе да былжырайсынар.Атамбаев молодец
-5
Marat-m
2017-06-21 21:54:09
sirgak_92,
ХХХ коп сен
ХХХ болсо ошо Аша
мындай соз болбошу керек
+2
admin_superstan
2017-06-22 11:39:08
Marat-m, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
AzKumFerDan
2017-06-21 19:28:09
Жакында кыргыз паспортун да саткыла сат сат сат барын сат .
+3
Begmat1992
2017-06-21 21:10:47
Кыргызстанды бутундой еле сатып жибергиле майдалап мине кыласынар
+2
gulmira12345
2017-06-22 16:22:34
сат сат сат сааааат барын сатып болгон сон аэропортко кошуп алып кыргызымды кошо сат Ысык Колду дагы сат андан башка не дейбиз шоорду элим шорго жаралыппыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан