Ош шаарындагы “Жаштык” балдардын эс алуу борбору аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана балдар үйүндө тарбияланып жаткан 30 өспүрүмдү кабыл алуу менен жайкы сезонун ачты. Мындай маалыматты бүгүн, 21-июнда шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Борборго Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев келип, түзүлгөн шарттар менен таанышып, эс алууга барган балдар менен баарлашты.
“Жайкы сезондун ачылышы концерттик программа менен коштолду. Лагерге эс алууга келген балдарга белектер тапшырылды. Быйыл Ош шаарында 200 орундуу лагердин курулушу башталат. Курулуштун долбоору даяр болуп калды, жакынкы айларда тендер жарыяланат", - деп айтылат маалыматта.