ЖЫЛНААМА, 23-ИЮНЬ: Жесир аялдарга жеткиликтүү көңүл буруунун эл аралык күнү

"Биз жесир аялдардын укуктарын жана социалдык коргоолорун колдоно алуусун камсыздашыбыз керек. Алар коргоого татыктуу. Эч ким өлүмдөн кача албайт, бирок биз күйөөсүн жоготкон аялдардын азабын азайта алабыз. Аларга кыйын учурда жардам көрсөтүп, коомдогу ордун жогорулатыш керек", - деген БУУнун мурдагы башкы катчысы Пан Ги Мун 2011-жылы жесирлердин эл аралык күнүн алгачкы жолу белгилеп жатып.

Бул дата күйөөсүнөн, анын кам көрүүсүнөн ажырап калган аялдарга, аталарынын мээримисиз чоңоюп жаткан балдарга мамлекет, коомчулук тарабынан көңүл буруусуна мүмкүнчүлүк түзөт. БУУнун Башкы ассамблеясы 2010-жылы кабыл алган резолюциясында да жогорудагы аракеттерге чакыруу жазылган. Резолюцияда жыл сайын 23-июнду жесирлердин эл аралык күнү деп белгилөө кабыл алынган.

БУУнун статистикасына таянсак, дүйнөдө 250 миллионго жакын жесир аялдар жашайт. Алардын 115 миллиону жакырчылыкта. Согуш, чыр чатактар болуп турган өлкөлөрдө жесир аялдардын саны абдан көп жана алардын жашоо турмушу оор абалда. Көпчүлүгү өмүрлүк жолдошторун согушта, кырсыктарда жоготушуп, жаш кезинде жесир калгандар. Алар согуш жүрүп жаткан кыйын учурда балдарын жалгыз багууга туура келет. Ошол эле учурда дээрлик көпчүлүк мамлекеттерде жесирлерге жеткиликтүү көңүл бурулбайт.

Буга байланыштуу бул күндү белгилөөдө Пан Ги Мун БУУнун курамына кирген мамлекет жетекчилерин жесирлерге тиешелүү жардамдарды көрсөтүүгө үндөгөн. Ошондой эле жесир аялдарды адам укуктары боюнча эла аралык келишимде көрсөтүлгөн бардык укуктарын пайдалануусуна чакырган.

23-июнга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан