Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков тун кызы Айдай Турсунбекованы турмушка узатты. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда SUPER.KG порталына анын сиңдиси Бегимай Чыныбай кызы билдирди.
Анын айтымында, үйлөнүү үлпөт тою Бишкек шаарында 24-июнда өттү. Спикердин күйөө баласы Нурдин Медетов жеке ишкер.
Учурда Айдай Турсунбекова "Акун" жабык акционердик коомунун башкы директору болуп эмгектенет. Ал Борбордук Азиядагы Америка университетинде билим алган.
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков 2 кыз, 1 уулдун атасы.