АКШда 32 жыл мурун түрмөдөн качып кеткен адам кармалды

Американын штатында 32 жылдан бери сот адилеттигинен качып жүргөн адам кармалгандыгын “Fox News” жарыялады.

Маалыматка ылайык, Стивен Дишман 1984-жылы бирөөнүн мүлкүн уурдагандыгы үчүн 7 жылга эркиндигинен ажыратылган. Ал жазасын Линкольн округундагы абакта өтөп жатып, 1985-жылы май айында качып кеткен. 60 жаштагы Дишманды 25-июнда Спрингдейлдеги үйүнөн полициялар кармашкан.

"Эгер ал качып кетпесе, 1987-жылдын декабрь айында мөөнөтүнөн эрте чыгарылмак. Эми ал калган жаза күндөрүн кайрадан өтөйт”, - делет маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
murat_ergeshov
2017-06-27 04:10:05
Каарыганда жакшы иш болбосо кода
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан