Бүгүн, 27-июнда Ички иштер министрлигинин баңгизатка каршы күрөшүү башкармалыгы менен биргеликте Бириккен Улуттар Уюмунун баңгизатка каршы башкармалыгы 2017-жылдын жарым жыл аралыгында чогулган маңзатты жок кылуу иш-чарасын уюштуруп жатат.
SUPER.KG порталына БУУнун баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын Кыргыз Республикасындагы программалык кеңсесинин башчысы Александр Федулов иш-чара боюнча төмөнкүдөй билдирди.
"1987-жылдан бери жыл сайын 26-июнда Бүткүл дүйнө баңгизаттарды кыянаттык менен пайдаланууга жана аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүн белгилеп келет. Бүгүн ошол күндүн алкагында Кыргыз ИИМи менен биргеликте Кыргыз өлкөсүнүн аймагында мыйзамсыз жүгүртүүдөн кармалып чогулган 3,5 тонна кара куурай жок кылынат. Мунун баары соттук териштирүү иштери бүткөн ушул жылдын жарым жыл аралыгында алынган баңгизаттар", - деди Федулов.