КҮНСЕРЕП: Маскөө Кыргызды тыкыр кароодо

Бүгүн, 28-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бишкекте Жогорку Кеӊештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен Орусиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володиндин жолугушуусу өттү. Турсунбеков журналисттерге орусиялык кесиптеши менен Кыргыз-Орусия мамилесин чыӊдоо жаатында сүйлөшкөнүн айтты. Бул бардык расмий жолугушуулардан кийин айтылган адаттагы жооп. Эксперттер Мамдума спикеринин Бишкекке сапарынын төркүнү 15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоо деп жатышат. Борбор Азия боюнча саясий эксперт Аркадий Дубновго таянсак, жакында өлкөгө Орусиянын дагы бир жогорку кызматтагы өкүлү - Федерация кеӊешинин төрайымы Валентина Матвиенконун келери күтүлүүдө. Бир өлкөнүн жогорку рангдагы 2 өкүлүнүн удаама-удаа Бишкекте болушу сапардын максатына кызыгууну күчөтөт. Президенттик жарышка чыкчуларды бир сыйра көздөн өткөрүп, алардын тамырын тартып көрүүгө келиши мүмкүн дегендер да бар. Мамлекеттик Думанын спикеринин сапары Текебаевге ачылган кылмыш ишинин күбөсү, Орусиянын жараны Алексей Модин сотто суралып жаткан учурга туш келди. Бул жөн гана дал келүүчүлүкпү?
Орусиялык спикерлердин визиттери президент Атамбаевдин жана Орусиянын коргоо министринин аскердик кызматташтык жаатындагы айрым билдирүүлөрүнөн кийинки мезгилге туура келип калды. Жакында Шанхай кызматташтык уюмунун аскер башчыларынын Астанада өткөн жыйынында Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Ооганстандагы кырдаалдан улам Орусия Кыргыз менен Тажикстандагы аскер базаларын чыӊдай турганын айткан. Орусиядагы сапарында Кыргыз ажосу Канттагы аскер базасында аскерлерди көбөйтүүгө каршы экенин, бирок өлкөнүн түштүгүнө аскердик база ачууну президент Владимир Путинге сунуштаганын ачыктаган эле. Негизи өлкөнүн түштүгүнө Орусиянын аскердик базасын жайгаштыруу иши 2009-жылы Бакиевдин тушунда эле көтөрүлгөн. 2015-жылы мурдагы коргоо министринин биринчи орун басары Замир Сүйөркулов Ошко аскердик база ачуу жаатында 2009-жылы ошол мезгилде президент болуп турган Курманбек Бакиев менен Дмитрий Медведев меморандумга кол коюшканын ырастаган. Азыркы тапта Атамбаев аскердик базаны Ош аймагына эмес, чек ара маселеси курч Баткен облусуна ачууну сунуштоодо. Кыргызга Орусиянын экинчи аскердик базасынын ачылышына Өзбекстан башынан каршы экени белгилүү. Атамбаевдин сунушу Орусия тараптан колдоо тапса, Өзбекстан менен жакшырып келе жаткан мамиле кайра салкындай түшүшү мүмкүн деген кооптонуу да турат...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан