Бишкекте 28-июнда Жогорку Кеӊештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володиндин жолугушуусу өттү. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча спикерлер журналисттерге маалымат беришти.
Чыныбай Турсунбеков: "Биз тар жана кеӊейтилген форматта сүйлөштүк. Негизги маселе - эки өлкөнүн мамилесин дагы жогорку тепкичке көтөрүү. Биз Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында товар, жашылча-жемиштерди экспорттоо, ошондой эле Кыргыз мигранттары кабылып жаткан кыйынчылыктарды чечүү боюнча сүйлөштүк", - деди.
Жогорку Кеӊештин төрагасы Кыргыз аскерлеринин Сирияга жиберүү мүмкүндүгү боюнча тараган маалыматтарга карата: "Бул боюнча президент өз пикирин айткан. Биз президенттин саясатын колдойбуз", - деп жооп берди.
Президент Алмазбек Атамбаев Сирияга Кыргыз жеринен аскер жөнөтүлбөй турганын билдирген.