Депутаттар Бишкектеги №3-балдар ооруканасынын атын өзгөртүүнү сунуштоодо

Депутат Альфия Самигуллина Бишкек шаарындагы №3-балдар ооруканасынын аталышын өзгөртүүнү сунуштады. Бул тууралуу депутат 28-июнда парламент жыйынында билдирди. Ал шаарда биринчи, экинчи балдар ооруканасы жок болгондон кийин №3-оорукана деген аталыш туура эместигин айтат. Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев СССР убагында 5 оорукана болгондуктан ушундай аталып калганын айтты. Министр билдиргендей, оптимизация болгондон кийин №3-балдар ооруканасы эле калган. Ошондон бери аты өзгөрбөгөнүн билдирип, аталышты өзгөртүү маселеси каралышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Самигуллина борбор шаардын айрым медициналык мекемелерине караганда аймактардагы ооруканалардын абалы кыйла жакшы экенин билдирди. Бишкек шаарында заманбап оорукананын курулушун колдой турганын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ilgis1991
2017-06-28 11:39:35
Депутатом делать не чего да?
+4
admin_superstan
2017-06-28 12:16:21
ilgis1991, портал кыргыз тилдүү болгондуктан, кыргызча жазууну сунуштайм.
-3
Shekeev969798
2017-06-28 12:12:20
урдум ошо 3-больницанарды
+1
Gena1
2017-06-28 13:34:59
Негизи туура эле айтылган пикир деп эсептейм. Шаарда биринчи, экинчи балдар оорууканалары жок болгон сон учунчу дебей атын алмаштырганы деле туура эле. Ал учун каражат деле талап кылынбайт жазуусун озгортпогондугун эске албаганда.
+1
esmanur
2017-06-28 14:18:52
Атынан мурун пациенттерге болгон мамилелерин өзгөртсө. Кээде выходной күндөргө туш келип айласыз барып калсаң кээ бири орой мамиле кылат.
+1
gitaris93
2017-06-28 18:38:06
Чоон маселени которуп чыгышыптыр го как уйдун чычымдары
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан