Жогорку Кеңештин комиссиясы депутат Канат Исаевге кылмыш ишинин козголгонун мыйзамсыз деп эсептейт

Жогорку Кеңештин комиссиясы "Кыргызстан" фракциясынан депутат Канат Исаевге кылмыш ишинин козголгонун мыйзамсыз деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда парламенттин жыйынында депутаттар Игорь Чудинов, Акылбек Жапаров жана Канат Исаевге козголгон кылмыш иштерин иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Курманкул Зулушев билдирди.

Анын айтымында, чогултулган маалыматка ылайык, Канат Исаев Токмок шаарынын экс-мэри болуп турганда мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке зыян келтирилген. Бирок комиссиянын пикиринде, кылмыш иши Жазык-процессуалдык кодексти бузуу менен козголгон.

Айта кетсек, Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин өткөн жылы ноябрь айында Токмок шаардык мэриясынын кызмат адамдарына козголгон кылмыш ишин тергөө кайра жанданган. Анын ичинде Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган деп айыпталган. Башкы прокуратура кийин ишти Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүп берген.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, атайын топ өндүрүштө турган жана негизсиз токтотулган кылмыш иштерин текшерүүгө алган. Анын жыйынтыгында Токмок шаардык мэриясынын кызмат адамдарына козголгон кылмыш ишин тергөө негизсиз токтотулганы аныкталган. 2017-жылы 11-майда ага "коррупция" беренеси боюнча айып тагылып, өлкөдөн сыртка чыгууга тыюу салынган.

Аталган депутаттык комиссиянын курамына КСДП фракциясынан Төрөбай Зулпукаров, Мурадыл Мадеминов, Асел Кодуранова, "Республика-Ата Журт" фракциясынан Талант Мамытов, Курманкул Зулушев, Бактыбек Райымкулов, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Тынчтык Шайназаров, "Бир Бол" фракциясынан Улугбек Ормонов, "Ата Мекен" фракциясынан Алмамбет Шыкмаматов кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан