SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кирпиктерди өстүрүү" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Бир жолу курбумдун тоюна Орусиядан кирпик жасатып келгем. Аябай сонун кылып "өстүрүп" берген. Бир айга кепилдик берген. Анысы бир жумада эле суюлуп, түшүп калган. Түшсө го мейли, өзүм ыйлап, эмоцияга берилип ушалап жибергем. Бирок өзүмдүн узун эле кирпиктерим кошо түшкөн да. Анан тойго кайра оңдоттум. Бул жакта улаганы "балчайган" кирпиктер экен, көзүмдү талытып жиберген. Тойдон кийин эле барып баарын алдырып салдым. Өзүмдүн төрт тал кирпигим калган. Анан курбу кызымдын кеңеши менен кастор майын алып 3 ай койдум. Азыр жакшы, кирпиктерим өзүнө келип өсүп калды".
"Келин тоюна макияж жасатканда сөзсүз кирпик койдурат го, анда эртеси күнү эле кирпиги түшүп калып, "кечээ эле сулуу элең бүгүн эмне болдуң?" деп күйөөсү коркутат. Байкуш келиндерге эле кыйын экен да күйөөсүнөн жашынып, кастор майын коюп элестетип койдум".
"Ооба, күйөөсү чочуган деле учурлар кездешип калат. Кайын сиңдим турмушка чыгып жатканда кирпик жасатып, чачын узарттырган экен. Эртеси эле кирпиги түшүп калыптыр. Анан кечинде жоолугун чечсе эле чачы кыска, "өзүңдүн чачың экен деп ойлогом" деп күйөөсү аябай таң калган экен. Экөө бир-эки жолу эле жолугуп баш кошушкан экен да".
"Эң биринчи жолу кошулуп өстүрүлгөн кирпик Голливудда болгон (негизи эле бардык өстүрүү, коштуруу Голливуд жылдыздарынан келип чыккан). Кирпик өстүрүү салондун кадыр-баркына, колдонгон аспаптарына, каражаттарына жараша болот. Бишкекте орто эсеп менен 50-250 долларга кирпик коштурсаңыз болот. Кошулма кирпиктер түшкөндө өзүңүздүн кирпиктериңизди ала кетет. Сизди өмүр бою жибек чачтуу, узун кирпиктүү периште кыла коёбуз деген жарнамалык роликтерге ишене бербегиле. Эсиңизде болсун, жасалма сулуулук издөөнүн арты ден соолуктан ажырап калуу коркунучун ала жүрөт".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.