Бишкек шаардык мэрия эс алуу бактарын иретке келтирүүчү атайын техника сатып алды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
"Сатып алынган техникалардын иштөө жөндөмдүүлүгүн көрсөткөн иш-чара Дайыр Асанов атындагы эс алуу багында өткөрүлдү. Мында бактардагы чөптөрдү оруп тазалоо, аллеяларды шыпыруу, кар тазалоочу техникалардын иштөөсү көрсөтүлдү. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Октябрь районунун акими Нурбек Курманбеков, ошондой эле Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу кызматынын кызматкерлери катышышты. Жаңы техникалардын алып келиниши кол менен аткарган жумуштардын азайышына өбөлгө болот", - деп айтылат маалыматта.