Твиттерде жалган жаңылыктарды белгилөө функциясы ишке кириши мүмкүн

Учурда белгилүү Твиттер сервиси колдонуучуларына жалган маалыматтарды белгилөө мүмкүнчүлүгүн бере турганын The Washington Post басылмасы компаниядагы өздүк булагына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Жаңы функцияны жалган маалыматтарга каршы согуш катары кабыл алса болорун белгилейт басылма. Маалыматка ылайык, социалдык сервистин программисттеринин айтымында, азырынча бул функция компаниянын жетекчилиги тарабынан бекитиле элек. Функцияны жетекчилик бекитпесе, кошулбай да калышы мүмкүн.

"Эгер мындай функция пайда болсо, кээ бир колдонуучулар чындыкка дал келген маалыматты жалган маалымат катары белгилеп, кыянаттык менен колдонушу мүмкүн. Ошону менен бирге эле Твиттер маалыматтын чын-жалганын кантип текшере турганы тууралуу белгисиз. Бул иш автоматтык алгоритмдер үчүн эмес. Ал эми модераторлор ар дайым эле мындай маселелерди туура карай беришпейт", - дешкен эксперттер.

Жалган маалыматтар менен күрөшүү аракети коомдун оюн өзгөртүү үчүн колдонулчу курал болуп калышы мүмкүн экени жазылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан