Бүгүн саат 9:30да Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өтмөк. Бирок депутат Шыкмаматов менен бирге айыпталып жаткандардын бири, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевдин жактоочусу келбей калгандыгына байланыштуу соттук отурум саат 14:00гө жылдырылды. Иманалиевдин жактоочусу учурда Казакстанда экени айтылды.
Соттук отурумга күбө катары Эсептөө палатасынын бардык аудиторлорун (тендер өткөрүлгөн учурда иштегендерди) жана тендердик комиссиянын бардык мүчөлөрү чакырылган. Алар күбө катары көрсөтмө беришмек.
Депутат "коррупция", "кылмышка шериктеш болуу" беренелери боюнча айыпталууда. Шыкмаматов өзүнө тагылган айыпка макул эмес, муну ал "саясий кысым" деп атап келет.
УКМК Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп жатат.
Эскерте кетсек, аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган.
Депутат Шыкмаматовдун иши боюнча соттук отурум жылдырылды