SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Баланын шилекейи эмне үчүн агат?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Баланын шилекей бези 1 жашка чейин калыптана берет. Бул учурда шилекей көп иштелип чыгышы мүмкүн, кичинекей бөбөк аны жута албайт. Натыйжада шилекей көбүнчө сыртка, ээк алдына чыгып кала берет. Балаңыз 4-5 айлык болсо алгачкы тиши чыгып жаткан болушу мүмкүн. Тиш чыгып жаткан учурда да көп шилекей бөлүнүп чыгат".
"Көп өпкөндөн болот. Себеби шилекей бези ууртунда жайгашкан жана анын үстүнөн оозду көтөрүп турган булчуң бар. Баланы өпкөн сайын ошол булчуң катыбай, кайра бошойт. Натыйжада өз ишин дагы жакшы аткара албай, чыккан шилекейди жута албай калат. Дагы бир себеби тамактануу. Туура, тоюмдуу тамактансаңыз балаңыз дагы жетишерлик витамин алып, өсүүсү жакшырат, ошол эле булчуңдарга пайдасы тиет. Ошондуктан энергия болуучу тамактарды жакшылап жеңиз".
"Жок, сиз айткандай суук тийгенден болбойт. Байкашымча, сиздеги себеп тамактануудан экен. Эт, жумуртка, балык сыяктуу энергия берүүчү тамактарды жеп туруңуз. Ачка жүрө берсеңиз балага дагы жетишерлик тамак барбай, өсүүсү начарлайт".
"Оо, силер маселе деле кылбасаңар болчудай экен. Менин жөжөм 2ге чыгат, дагы эле боркок алмаштырмай. Өзүм 3 жашка чейин боркок менен дос болуптурмун. Мени тарткан го".
"Кызыл бүдүр чыгып, мүлктөрү шишип калган болсо сууктан, шилекей аккандан пайда болгон. Менин сиңдим 2 жашка толот, дагы эле шилекейи агат. Баарын жасадык, акыры атайын дары бердим, акпай калды. "Витамин жетишпесе да агат" деп дарыгер айткан эле. Менин да кызым 6 айлыгында шилекейи агып, кыйнаган. Витамин С менен оозун чайкап, зирени кууруп, эзип, тилине сепкем ошондон улам жакшы болуп калды".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.