АКШда балыкчы кайырмак менен 2 метрлик жырткыч балыкты кармап алды

Кечээ, 3-июлда АКШнын Флорида штатынын Панама Сити Бич шаарына жакын океандын жээгинен балыкчы 2 метрлик барскан балыгын (рыба-молот) кайырмак менен кармады. Бул маалыматты жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

"Үй-бүлөсү менен бирге океандын жээгинде эс алып жүргөн балыкчынын кайырмагына күтүүсүздөн 2 метрдей узундуктагы барскан балыгы илинген. Сейрек кездешүүчү балыкты жакындан көрүүгө жээктеги эс алуучулардын көпчүлүгү чогулушту. Балыкчы барскан балыгын кармоого атайын аракет жасабагандыгын айтып, кийинчерээк кармаган олжосун кайра сууга коё берди", - деп жазылат маалыматта.

Айта кетсек, башы барскан сымал балыктар Атлантика жана Инд океанынын тропикалык жээктерине жакын жашайт. Алардын эң узуну 6 метрге, салмагы 400 килограммга чейин жетет. Жырткыч балыктардын тобуна кирген барскан балыгынын саны аз болгондуктан, эл аралык Кызыл китепке киргизилип коргоого алынган.

Флоридада эс алуучулар 2 метрлик балыкты кармап алышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
meni_kut
2017-07-04 20:50:15
жырткыч бар жерде кантип коркпой сууга тушушот
0
Seryi-Kardinal
2017-07-04 21:09:34
Бул акуланын бир түрү да
+2
only_progress
2017-07-05 00:14:34
Кызыл китептеги балык болсо штраф толобоюн десе керек. Европада мыйзамдан коркушат бизге салыштырмалуу.
+1
tursunbaev78
2017-07-05 10:14:46
Америка десе Европа депсиңго
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан