Жогорку Кеңештин экс-депутаты Абдимуталип Кочкорбаев эл шайлоонун эртеси гана “кимди шайлап алдык” деп ойлонушарын бүгүн, 5-июлда президенттик шайлоого бирдиктүү бир талапкерди көрсөтүү боюнча өтүп жаткан тегерек столдо билдирди.
“Бүгүнкү көйгөй баарыбыздыкы бири-бирине окшош экендиги көрүнүп турат. Коом саясий, экономикалык кризиске кабылды. 100 адамдын 95и ушуну айтат. Мындан ары жолубуз туңгуюк деген эле оюн билдиришет. Дайыма элибизде шайлоонун эртеси "кимди президент, депутат кылып шайлап алдык" деп ойлонушат. Маселенин түбү жалпы элибизде. Добуш берүүгө келгенде туура эмес шайлап жатышат. Айрымдардын 500-1000 сомго жалпы мамлекеттин тагдырын сатып жатканы жашыруун эмес”, - деди ал.
Ошондой эле Кочкорбаев жаштар улуу муунга доомат коюп, “качан кетесиңер” деп суроо беришерин белгиледи.
“Бийликти мыйзамдуу жол менен алууга убакыт келди. Бүгүнкү күнү жаштар оң канат, сол канат болуп жүрөт. Жаштар биригип коом түзүшү керек. Улуу муунду кетирүү үчүн күрөшүү зарыл”, - деп экс-депутат жаштарга кайрылды.