SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Күйөөмдүн классташ кызы экөөбүздүн ортобузга түшүп жатат" деген тема талкууга алынган.
Темадагы автордун билдирүүсү: "Турмушка чыкканыма 3 жыл болду, бир балам бар. Биз дагы эл катары Москвада иштеп жүрүп менин боюмда болгондо өлкөбүзгө келдим. Ошол боюнча кара тизмеге кирип калып, кайра кетпей калдым. Күйөөм барып-келип иштеп жүрөт. Акыркы жолу келгенде Москвада классташы менен сүйлөшүп жүргөнүн угуп өзүнө айтсам, "ортобузда эч нерсе жок, жөн эле сүйлөшүп жүрдүм, болду жыйнаштырдым, сөз берем" деп кеткен. Эми ошол классташы мага чалып "күйөөңө айтчы, мени тынч койсун менин үй-бүлөмдү бузуп жатат, "ажыраш, экөөбүз үйлөнөлү" деп жатат" дейт. Ошонун айынан экөөбүздүн урушубуз көбөйүп жатат. Күйөөмө айтсам "ал менен сүйлөшпөй койсом, үй-бүлөңдү бузам, аялыңа айтам" деп жатат" деди. Кимисине ишеништи билбей калдым. Үй-бүлөлүү эжекелерден сурайын дегем, башыңыздардан ушундай окуялар өттү беле? Кимге айтышты билбей, сиздерге кайрылуудамын".
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Жакшысы жолдошуңарды жаныңарга эле чакырып алгыла да чогуу жашагыла. Аял менен эр эки бөлөк жашаган болбойт, кандай гана абал болбосун чогуу жашаганга аракет кылуу керек".
"Менде ушуга окшогон окуя болгон. Жолдошум менен бир келиндин мамилеси кайсы жерге чейин жеткенин билбейм, бирок ал келинге чалып же беттешип сүйлөшкөн эмесмин, бир эле жазган билдирүүм жеткен. Ошондон кийин жолдошума "мен үй-бүлөңдү бузуп бакыт таппайм, аялың менен бактылуу бол" деп жазыптыр, ошол бойдон дайынын таптырбай жок болуп кетти, жолдошум да кыйшаңдаганын койгон".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.