Коомдук ишмер Каныбек Мырзаканов мамлекеттик сыйлык алуудан баш тартарын билдирди

Коомдук ишмер Каныбек Мырзаканов мамлекеттик сыйлыктан баш тартарын бүгүн, 19-июлда SUPER.KG порталына билдирди. Ал Улуу Ата Мекендик согушта курман болуп, дайынсыз жоголгондорду табууда жана көзү азиздерге жардам берип жаткан эмгегин баалоо менен мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн.

"Мага президенттик аппараттан чалып, коомго кошкон салымым үчүн Ардак грамотага татыганымды айтышты. Бирок ал сыйлыкты Алмазбек Атамбаев тапшырарын угуп, анын колунан алуудан баш тарттым. Мен өлкө башчысынын азыркы жүргүзгөн саясатына каршымын. Ошол себептен менин буга моралдык укугум жок. Эгерде башка бирөө берсе анда алышым мүмкүн", - деди Мырзаканов.

Айта кетсек, 12-июлда мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн социалдык-экономикалык, маданият жана интеллектуалдык тармактарын өнүктүрүүгө салым кошкон 141 кишиге мамлекеттик сыйлык тапшырган.

Каныбек Мырзаканов "Эрдик" коомдук фондунун төрагасы. Ал өлкөдө эрдик көргөзгөн жарандарга Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры Чолпонбай Түлөбердиев атындагы медаль берүүнү сунуштап жатышканын кошумчалады.

"Быйыл Улуу Ата Мекендик согуштун бүткөнүнө 72 жыл толду. Келечек муундун жаркын жашоосу үчүн жанын берген баатырлардын катарында Чолпонбай Түлөбердиев да бар. Мындан ары коомдо түрдүү эрдик көргөзгөн баатырлар Чолпонбайдын ысымы менен "Баатыр" наамын алышы керек. Мен бул идеяны көтөрүп чыктым. Долбоор даярдоо аракетин көрүп, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары менен макулдашып ишти карап жатабыз. Эгерде мыйзам долбоор жактырылып, ишке ашып калса анда медаль менен кошо наам берилген адамга 1 миллион сом кошо берилери да долбоордо көрсөтүлгөн", - дейт Мырзаканов.

Каныбек Мырзаканов өзүн "Ата Мекен" саясий партиясынын мүчөсү экенин кошумчалады. Ал Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурумдарга байма-бай катышып келет.

Эске салсак, буга чейин Мырзакановду Өмүрбек Текебаевдин ишин караган соттук отурумда "отурумдун жүрүшүнө тоскоолдук жаратты" деген жүйө менен сот чыгарып жиберген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
RusMos76
2017-07-19 13:05:31
Эркектик иш.
+5
mirlan_86
2017-07-19 13:32:41
Эн туура кылыптыр
+6
ZHYRGAl1412
2017-07-19 13:38:00
Бекер эле кылыптыр мунуда текеге кошуп суракка албаса болду президентти уят кылдын деп
0
nurbekasr
2017-07-19 15:23:33
Азамат экенсиз эки эли мактоо кагазын алгыча,жөн эле жүргөн жакшы.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан