Өзбекстан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине ажы сапарына акысыз жолдомо берет

Өзбекстандын бийлиги экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлерине ажы сапарына акысыз жолдомо берет. Мындай жарлыкка Өзбек президенти Шавкат Мирзийоев кол койду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, быйыл акысыз ажы сапарына 73 согуштун ардагери жиберилет. Согуштун ардагерлерине Сауд Арабиясында ибадат учурунда бардык шарттар каралып, тийиштүү дары-дармектер, зарыл болгон буюмдар камсыздалат. Учурда Өзбекстанда жалпы 1615 согуштун ардагери бар.

Маалыматта быйыл ажы сапарына Өзбекстандан 13 миңден ашуун жаран бара турганы айтылат .

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
maltepe
2017-07-19 11:56:44
Кана эми биздин да ардагерлерибизди да ушинтип жонотсо
+8
daak9191
2017-07-19 12:21:45
Биздики жонотконду койуп пустой конверт бергенди токтотсунчу
+9
yrysbek
2017-07-19 12:38:35
Оо Жараткан мындай адамдарга жар болсун. Кудай колдосун мындай адамдарды. Жараткан аларга берген жакшылыгынан Бизге да берсин
+4
Suzak12
2017-07-19 12:47:24
yrysbek,Амин
+2
Suzak12
2017-07-19 12:49:01
Качан биздин кыргызстанда дагы ушундай жакшы жанылык угат экенбиз
+3
ayjan_90
2017-07-19 14:04:56
Биздин чондор ардагерлерди бекер жонотуш ары турсун барып ал акыбал сурашпайт го бекер жоноткон болсолор кун тескейден чыгат
+4
KGstan1981
2017-07-19 21:18:12
Биздикелерге дагын туура тушунуш керек.Эгерде биздин аткаминерлер Ардагерлерди Ажыга жонотсо анан кайсыл акчасына алар Кой-Таштагыдай хан сарайларды салышат.Кайсыл акчаларына жол тандабастарды минишет.
0
aravan.kg
2017-07-20 01:45:35
Мына жетишкендик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан