ВИЧ, СПИД менен күрөшүүгө каражат толук бөлүнбөсө 5600 жаран каза болуп, ооругандардын саны 20 миңге көбөйө тургандыгы айтылды

Өлкөдө ВИЧ, СПИД илдеттери менен ооруган жарандарды дарылоого каражат жетишсиз. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда Саламаттыкты сактоо министрлигинде өткөн тегерек столдо белгилүү болду. Анда айтылгандай, ВИЧ, СПИД менен күрөшүүгө жумшала турган чыгымдын 24 пайызы гана мамлекеттик бюджеттен каржыланат.

"Жылына мамлекет тарабынан ВИЧ, СПИД менен жабыркагандарды дарылоо, профилактика иштери үчүн болгону 20 миллион сом бөлүнөт. Бирок жыл сайын бул ооруга кабылгандардын саны өсүп жатат. 2012-жылдан бери алардын саны 2 эсеге жогорулады. Бирок каржы маселеси ошол бойдон калууда. Жыл сайын мамлекеттен 120 миллион сом каражат бөлүнсө илдетке кабылгандарды дарылоого, анын жайылышынын алдын алуу чараларын көрүүгө жетиштүү болмок. Эгер бул каражат бөлүнбөсө 2020-жылы 5600 мекендешибизди жоготобуз жана дагы 20 миң жашоочу аталган ооруга кабылышы мүмкүн", - деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук кеңешинин башчысы Айбар Султангазиев.

Ал белгилегендей, инфекцияны көбүнчө баңгизат пайдалангандар, жыныстык катнаш менен кызмат көрсөткөндөр, кумсалар алып жүрөт. Баңгилердин 14 пайызы ВИЧ, СПИДге кабылган. Учурда жыныстык катнаштан улам бул илдетти жуктургандардын да саны көбөйүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
grace
2017-07-19 12:51:07
Кудай сактасын, бөлгүлө акча.
+1
ZHYRGAl1412
2017-07-19 13:46:09
Ошон учун 5мин рахатты деп озунордун омурунорго точка койуп албагыла призрак колдонсонорда жыртылып кетет кобунчо.
+3
ayjan_90
2017-07-19 13:58:54
Алдын мындай жанылыкты Европадан укчу элек эми мынтип озум туулуп оскон Кыргыз жеримде кудай озун сактай кор элимди 5 мин ырахатка батам деп сойкуларга барган эркектер жуктурса керек ушул ооругандардын кобу тоба кылдым ушул арам акча тапкандарды баарын жок кылыш керек
+2
Izdeim_seni.
2017-07-19 14:39:05
eptep ele akcha ondyrmoi
0
nurbekasr
2017-07-19 15:12:00
Кудай сакта калкыбыздын саны аз,СПИД менен кырылып калгыдайбыз гоо.Тез арада акча акча болүү керек,болбосо согуштан жаман кыргын экен го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан