СУПЕРСТАН: "Жаңы чыккан ырыңдын клибине Аселди тартыптырсың, көрүп ызаланып, ыйладым"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сен менин кыялымдын ханзаадасы" деген тема ачылып, анда автор өзүнүн белгилүү ырчыга болгон сүйүүсү тууралуу жазган.

Темадагы автордун билдирүүсү:

"Баары мындан сегиз жыл мурун башталды. Балалыгымдын таттуу күндөрүнүн биринде "Супер-Инфонун" жаңы санын ачып отуруп кичинекей ыр дүйнө рубрикасына көзүм түштү. Анда сенин кичинекей сүрөтүң менен "Аяйым" аттуу ырың турган экен. Мына ошол күн менин жашоомду түп тамыры менен өзгөрттү. Балалыгымдын доору бүтө элек мезгилде сени балалык баёо сезим менен жактырып калдым. Сен менин кыялымдын ханзаадасына, Күнүмдүн нуруна, түнүмдүн Айына айландың. Мен үчүн кол жеткис жылдыз элең. Сени сүйүп жүрүп 7-класс болдум. Ии баса, сени менен 3-классымдан баштап "ооруп" баштагам. Жайлоо убагы, свет жок, сенин жаңы "Сагына берем" аттуу ырың чыгыптыр. Эжем телефону менен келип калды. Андан ырыңды бир угууну сурандым, ал макул болду, бирок бир шарт менен. Мен алардын коюн бир күн кайтаруум керек эле. Ойлонбой макул болуп ырыңды уктум. Ушинтип сен үчүн кой кайтарганды да үйрөндүм. Бара-бара чоңоюп, менде кызгануу сезими ойгонду. Сени жактырган кыздар көп болчу. Өзүмдөн кичинекейлерди балмуздак берип алдап "эми Нурланды мага бер ээ" дечүмүн. Эсимде, сени менден бир жаш улуу кыз жактырып, жаңы сатып алган кулакчыны менен телефонума бир дискиңди жана сени "алмаштыргам". Менден эки жаш улуу кыз жактырып калганда мен ыйлап, "сиз Жоодарбешимди эле сүйүңүзчү" деп сурангам. Сага канча ыр жазбадым дейсиң, айланамдагы адамдардан да такыр алыстадым. Мектепке күндөлүк алсам сөзсүз сенин сүрөтүң болчу, ар бир дептеримдин ичи сенин гезиттен кыркылган сүрөттөрүңө толуп кеткен эле. Бир күнү апам "эсиң ордундабы сенин? Билесиңби ал ким, сен ким? Анын айланасындагы кыздардын жанында сен ал үчүн чымын да эмессиң! Болду, акылыңа кел!" деп катуу урушту. Бул сөз мага катуу тийип, жашынып алып аябай ыйлагам, азыр эстесем да көзүмө жаш айланат. Ошентип күндөр өтө берди. Баягыдай эле өз дүйнөмдө сен жана мен. Сенин үнүңдү угуп, сүрөтүңдү көргөнүм менен жолугуу кыялым болчу. Бир жолу концерт менен биздин районго, бирок башка айылга келдиң. Менин бакытымда чек жок. Бир бүктөм катымды көтөрүп алып ал айылга жөө жөнөдүм. Жолдо кетип бара жатсам айылдашым да жөнөгөн экен, анын унаасына түшүп алып жетип келдим. Концерт башталып, Максат менен Нурзаттын чакыруусу менен ырчылар ырдай башташты. Данияр, Дайыр, Динара жана башкалар. Ошентип үмүтүм үзүлүп, сенин чыкпаганыңа капаланып үйгө карай жөнөдүм. Бир убакта "бүгүн сенин туулган күнүң" деп эл алдына чыктың. Кашайып мен эл артына жетип калгам. Катты алды жакта отурган сиңдиме узатып, ал ырдап жатканыңда берди. Мен өзүмчө кыялдар кемесинде сүзүп жүрдүм. Ошентип күндөр өткөнүнө карабай, дале сени сүйүп жүрөм. Элдерге жөн эле ырлары жагат дегеним менен, мен сени сүйөм, ырларыңды жөн гана жактырам. Билесиңби, сени унутуу үчүн канча жигитке мүмкүнчүлүк бердим, бирок унутуу болбой калды. Азыр сен Асел мененсиң, мендеги жөн гана сүрөтүң. Азыркы жаңы чыккан ырыңдын клибине да аны тартыптырсың. Көрүп ызаланып ыйладым, жүрөктү жек көрдүм. Сен менин балалык сезимимди гана эмес, жүрөгүмдүн жарымын да уурдадың. Сага жете албайм, менин кыялымдын ханзаадасы. Аселдин үйлөнүү той жакын дегенинен, мен азыр бир гана нерсени көздөйм. Ал сенден сезим күтүү эмес, жөн гана сени менен жакындан таанышуу. Ал кыялым аткарыларына ишенгим келет..."

Темадагы билдирүүлөрдөн:

йгө жатып алып эле сүйө бербей, Аселге окшоп аракет кылбайсыңбы".

"Артисттин жубайы болуу өтө кыйын экенине чыдаганы калат. Чыдабаганы ажырашып кетери акыркы шоу-бизнес жаңылыктарында байма-бай чыгып жатса деле, фанаттарга сөз жок экен да... Кыялыңардан силердин".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
meni_kut
2017-07-19 16:41:23
Асель мн Нурлан азыр суйлошпой калышкан аракетинди кыла бер
+4
asil-08
2017-07-19 16:53:50
Тобаа кыздарыбызга ыйман бере кор, суйлошпой анын кандай адам экенин билбей туруп суйуп калуу бул ото аша чапкандык, кичине мындай алдыдагы жашоону ойлонуп анан суйбойсунбу андан коро башка нерселер менен алек бол озундун кадырыны бил, кыз бала ар дайым кадырлуу уяттуу болуш керек.
+2
Nur659467
2017-07-19 23:41:05
asil-08,не болмок эле журоко буйрук берип болбойт
+1
Gena1
2017-07-19 16:58:28
Нурлан Насиптин популярдуулугуна бир аз болсо да салым кошоюн дединби, же жаштык кылып, жон жерден озунду кыйнап жургонсунбу билбедим. Канткенде дагы туура эмес мындай кылганын.
+7
Ma9
2017-07-19 17:21:33
Мен деле сага окшоп журом
+1
Hadyja
2017-07-19 17:34:20
О кокуй оой,ошо да проблемабы?Ырчыга тийсен эле жыргап кетчудой жазыпсын.
Сен ага эмес,балким ал сага татыктуу эмес чыгаар.
+10
Gulnaz.GS
2017-07-19 17:52:16
ырчы эмес эле сонун.Нурландан жуз эсе бийик турган.он десе ону.акыл десе акылы бар балдар толтура
+7
admiral
2017-07-19 18:16:26
Ушу Нурлан учун акылынан адашкан кыздарга тушунбойм да. Албетте Нурлан таланттуу, жонокой, шайыр жигит. Бирок кыздар ооруп, эсин жогототурган келбети жок го?
+12
Arsenal2
2017-07-19 19:11:56
Ай кокуй кун аййа.
0
Nuriza.kubatova
2017-07-19 20:00:45
азыр суйлошпойт алар
0
89elnura89
2017-07-19 21:07:22
ХХХ ошонун эмнесин суйдун. Асел экоо пара
0
bond
2017-07-19 22:46:46
Мага деле Скарлет Йохонсон жагат бирок бул суйуу эмес жон кана симпатия. Артистерди эч ким суйбойт менимче жон кана ырдаган ыры же аткарган ролу ошого окшогон нерселери эле адамга жагып аны суйуу менен алмаштырып алышат.
0
-Sumitra-
2017-07-19 23:22:53
Нурландын эмнесин суйдун экен?Эч тушунбойм.Кичине тирик го))))
+3
Gupa
2017-07-20 13:49:10
Кудай сактааа, 3-классында "ооруп" баштаса... Азыр ошондо окуучу экен да али бала.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан