Жыл башынан бери 200 миң 78 түгөй нике күбөлүгүн алса, 4 967 жуп ажырашкан

Жарым жылда өлкө боюнча 77 109 ымыркайга туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилди. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылдын жарым жылдыгында 77 488 балага күбөлүк берилген.

Ошондой эле быйыл 200 миң 78 түгөй нике күбөлүгүн алышса, былтыр 222 миң жуп алган.

“4 967 жуп ажырашкан. Былтыркыга салыштырмалуу көп. 2016-жылы 4 433 жубай ажырашкан. Ал эми 564 баланы багып алган учурлар болгон. Былтыр 506 баланы багып алуу катталган”, - деди ал.

Мындан тышкары ал 6 ай аралыгында Кыргыз мамлекетинде 242 миң 99 жаранга ID-card берилгенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ZHYRGAl1412
2017-07-19 14:03:01
Буйруса заманыбыз тынч болсо 6 7жылда 7млн болуп калат экенбизда
0
nurbek11
2017-07-19 16:47:05
200 000 коп эмеспи 6 айда эки жуз мин нике куболук алса анда 400 000 адам турмуш курду декендик. Жалпы 6 000 000 адаи болсок. Мен бул эсепке ишенбейм бул жерде же ката бар же жалган бар. Экоонун бироо созсуз бар.
+2
ormonkan
2017-07-19 22:36:24
20 мин болуш керек
0
Leilektik
2017-07-20 07:28:45
Жалган маалымат кантип еле ушундай болсун,казакстандыкы менен алмаштырып албады бекен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан