Бүгүн, 19-июлда президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын Челябинск облусунун губернатору Борис Дубровскийди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Анда Кыргыз мамлекети менен Челябинск облусунун ортосунда өз ара кызыкчылык туудурган экономикалык, анын ичинде экономикалык интеграция процессине байланыштуу мамилелерди тереңдетүү маселелери талкууланды. Эки тарап туризм, айыл чарбасы, логистика, өнөр жай жана соода чөйрөсүндө өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бизнес чөйрөсүнүн түз байланыштарын активдештирүү зарылчылыгын баса белгилешти.
Жолугушууда аталган облустун өкүлчүлүктүү делегациянын Кыргыз мамлекетине сапары өз ара пайдалуу жана иштиктүү мамилелерди өнүктүрүүгө өбөлгө болоруна ишеним билдиришти.