Бишкекте эки окуучуну сүзүп, 8 жылга эркинен ажыратылган Мирлан Ажыбековдун жактоочусу шаардык сотко арызданат. Мындай маалыматты бүгүн, 19-июлда SUPER.KG порталына жактоочу билдирди.
"Биз Ленин райондук сотунун өкүмүнө макул эмеспиз. Сот туура эмес кылды. Мирлан Ажибековдун мас абалда экендиги боюнча далил жок болчу. Ал өзү милицияга "кылмыш кылып койдум" деп 9 сааттан кийин келген. Негизи ал кырсыктан кийин гана пиво ичкен экен. Эми биз шаардык сотко арызданабыз", - деди Ажибековдун жактоочусу.
Эске салсак, бүгүн эки окуучуну сүзүп, качып кеткен Мирлан Ажибековдун иши Ленин райондук сотунда каралып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Жазасын жатак абакта өтөй турганы белгиленген.