Оштун казысы жергиликтүү өзбектерди күйөө баласына 40 күн тамак ташыган "Мазр" салтынан баш тартууга чакырды

Ош шаарынын казысы Убайдулла Сарыбаев Кыргыз өлкөсүндөгү өзбектерди "Мазр" салтынан баш тартууга чакырды. Бул тууралуу Ош шаардык казыятынын маалымат кызматынын башчысы Абдилазиз Абдырахманов SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, мындай пикирин казы 3-4 жылдан бери жаназа окуган жерлерде, жума намаз учурунда айтып келет. Бүгүн, 19-июлда Ош облусундагы Жапалак айыл өкмөтүнүн тургундары менен болгон жолугушууда да өзүнүн бул пикирин билдирип, калкты ысырапкорчулуктан арылууга чакырган.

Казы исламда эркек киши үйлөнгөндөн кийин өзүнүн жарын өзү багуусу керек экендиги жазылганын айткан.

"А бизде жашоочулар "Мазр" салтын ушул кезге чейин улантып келе жатат. Диндин эрежелерине ылайык, келиндин ата-энеси күйөө баласына антип 40 күндөп тамак алып келбейт. Биз ысырапкорчулуктан арылышыбыз керек", - деген Сарыбаев.

Ал эми Абдырахманов жергиликтүү өзбектер бул чакырыкты туура кабыл алып, арасында салттан баш тарткандары бар экенин кошумчалады.

"Биз атайын бул салтты жок кылуунун үстүнөн иштебейбиз. Болгону салт диндин эрежелерине туура келбегендиктен, эркектерди мырзалык сапатка чакырып "Мазр" салтын жоюну жайылтуу аракеттерин көрөбүз. Бул аракеттер ысырапкорчулук менен ашыкча убарагерчиликтен арылтат", - дейт Абдырахманов.

Ал белгилегендей, өзбек элинин "Мазр" салтында - кызын турмушка узаткан ата-эне 40 күн күйөө баласына күнүнө 3 маал тамак-аш жеткирип берип турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
ayjan_90
2017-07-19 22:17:25
Оа ушундай салттарын мен да угам анан да жаны келин бир кундо койнок штанын 4 же 5 жолу алмаштырат
+11
NARYNGRAD
2017-07-19 22:19:19
Булардын салттары да бир укмуш экен го, күйө бала байкуш ата-эненин кызын алганы аз келгенсип, үйүнө жатып алып тамак ташытып, анан да бир маал эмес үч маал ташытып, намыс жок экен да буларда. Өзбектерди лөлүсүңөр десе арданышат анан, лөлүлөрдүн күйөлөрү үйүнө жатып алышып, аялдары сыртта иштеп, үй-бүлөсүн багышат эмеспи.
(Админ. банга киргизип салба, улут аралык эч кандай каршы сөз жазган жокмун).
+9
yasmina_kg
2017-07-20 08:01:21
NARYNGRAD Азыркы заманда кыргыздын эркектери деле уйдо жатып алып аялын тапканын ичип жеп жаткандар жок эмес.
+5
Pamirlan
2017-07-19 22:22:31
Салтын тилин беришпейт. Улуттук кийимин кара.
+8
sladkaya777
2017-07-19 22:53:11
Өтө эле уят нерсе тамак ташытып ичиш,болгондо да кыздын ата-энесине!Булар ошон үчүн кыз төрөлгөндөн эле сеп жыят турбайбы?...Кыз берем деп,уул үйлөй тургансып даярданып
+8
nurbekasr
2017-07-19 23:09:01
Ок салтың менен самыран калгыр.Кантип бет чыдайт күйөө баланын 3 маал ысык тамак ташытып.40 күндо семирип кутуруп союшка жарап калгыдай го.1 маал тамак болсо да мейли эле.Эми өздөрү билет экен да,биз өзүбүздүн Кыргыз салтыбызда эле канча чыгаша ысрапкорчулук бар аны ким айтат
+7
AzKumFerDan
2017-07-19 23:28:05
Чын жүрөктөн бары бир.
+4
Nur90m
2017-07-19 23:52:47
Ошол салты бар.бирок булар 3у бейшенбелик 40 жылдык биринчи айттик экинчи айттик кой сойгон уят уй жылкы сой деген жок олгон Уйдо окурбойт бизде наоборот динге туура келбеген салт коп бизда билгенибиз билбегенге айтип тушундурушубуз керек
+10
Sultanim
2017-07-20 00:08:34
Кыргыздардын да толтура ысырапчыл
салттарын которуп чыгып,айтып жойгулачы...
+6
mirkaa5182
2017-07-19 23:53:08
Өзбектердин ушу салтты жакпайт, ар элдин ар кыл салтты бар.
+1
jonne
2017-07-20 00:38:44
Бирок кыргыз жигитерге жакса керек дейм 40 кун куну тамак жэп туну иш кылып чыксан жакшы да
+6
Birimdik5555
2017-07-20 01:38:14
jonne, Ооба озбекке уйлонсон анан коросун
+2
SansaNePredaiJohna
2017-07-20 01:11:17
зато башка салтарында эч кандай чыгцм кетпейт . ичип жургон озбекти корбойсун. тойлордо. ичсе дагы бекинип ичишет
+2
daniel87
2017-07-20 01:40:21
Туура кыз беруу буларда азап!куйоо балага эле Жыргал,калын беришпейт.Кыз тарап абдан кыйналышат алтын ,материалдар жплтыр жултур,мебель кызына 5жылга жете турган кийим алып беришет(кайненежан кийим алып бербейт копко чейин ооруп калса да кайненежан торкунуно жонотот)бирок буларда мындан башка чыгым аз!!!Кыргыздар орустардай жашаганыбызда эмдигиче эн бай эл болсо керек эле
+3
aliko78
2017-07-20 07:45:54
Озунун устундогу тоону корбой, бироонун козундогу чопту корот деген соз бар беле. Озубуздогу олумдордо болуп жаткан салт деп кетирген кемчиликтерибизди да карап койсок жакшы болмок.
+2
KIPCHAK-KALMAK
2017-07-20 09:40:51
Озубуздогу канчалаган ысырапчылык болуп атат ошонун устундо бир чара коруп иштебесек онугушубуз кыйын жакын арада той топур , олумтукктогу чыгаша ж.б баарын аз кана саз кылып откорсок бизди ким урушат
+1
Lekarstvosvoegomuja
2017-07-20 10:52:37
Куйоосун уйуно жаткызып коюп кызын иштетип куйоосун бактырганга даярдаган салттай сезилди мага ☺
0
Ramina-malina
2017-07-20 15:59:52
40 кун жумуртка кошулган тамак жейт еще,ар бир тамагына жумуртка кошушат....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан