Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы: “Паспортко документ чогултууга ортомчулук кызмат көрсөткөн уюмдун иши мыйзамсыз”

“Паспортко документ чогултууга ортомчулук кызмат көрсөткөн уюмдун иши мыйзамсыз”, - деп билдирди бүгүн, 19-июлдагы маалымат жыйында мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев. Ал бул боюнча укук коргоо органдары баа бериши керек экенин айтты.

Догоев Кыргыз жараны чет өлкөдө жүрүп, баласына документ ала албаган учурду мисал келтирди.

"Мындай учурда, үчүнчү тарап документ чогултууга тийиштүү уруксаты, ишеним каты бар болгондо гана мүмкүнчүлүк берилиши керек дегенди карап чыкканбыз. Бул жашоонун талабынан улам пайда болгон. Бирок, тилекке каршы, ортомчу уюмдар пайда болуп, бул норманы башкача колдонуп жатат. Мындай уюмдарга биздин эч кандай тиешебиз жок деп билдирем. Себеби мамлекеттик кызматты ыйгарым укугу бар мамлекеттик органдар гана көрсөтө алат", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан