Эки колуна тең донордун колдору салынган 10 жаштагы өспүрүм эркин кыймылдап, ойноп калды

2015-жылы америкалык Зион Харви аттуу өспүрүмдүн кесилген эки колунун ордуна донордун колдору салынган. Ал мындай оор операцияны башынан өткөргөн эң жаш адам эле. 8 жаштагы Зионго операция ийгиликтүү жасалып, 2 жылдан кийин өз алдынча колдорун эркин кыймылдата баштагандыгы тууралуу жазылат чет элдик маалымат булактарында.

Зион учурда вилка, бычакты өз алдынча кармап, өзү кийинип калды. Жакында эле бейсбол ойноп жакындарын кубандырган. Зион Харви өзү колдору менен ага уулунун колун берген үй-бүлөгө ыраазычылык билдирип кат жазууну тилек кылат. Анын колдоруна операция жасаган дарыгерлер өздөрүнүн ийгилиги менен сыймыктанып турган кези.

"Зион донордун колдоруна толугу менен көнүп, аны өзүнүн колдорундай кабыл алды. Эми ал кыймылын таамай башкарууда. Ал эле эмес өзүнүн атын так жазууда. Мындан тышкары анын колдорунун сезүүсү да күчөдү, ал азыр апасынын бетин сылап, ага колунун тийгенин сезүүдө", - деген аны дарылаган филадельфиялык Сандра Амарал.

Зион Харви 2 жашында кандын бузулушунан улам колдорунун манжаларынан жана бутунун таманынан айрылган. 4 жашында анын бөйрөгү ооруп, аны алмаштырууга апасы донор болгон. 8 жашында колдоруна донор табылып, 40 дарыгердин катышуусундагы 11 саатка созулган операцияны башынан өткөргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
bak1122
2017-07-19 20:34:59
шумдук
+1
birtanem
2017-07-19 20:41:55
Алланын кудретти....
+7
Gulnaz.GS
2017-07-19 21:25:37
врачтарга рахмат.браво
0
meni_kut
2017-07-19 21:43:49
байкуш тиги эки колу жок калган донор кантти экен...
-2
aibars
2017-07-20 00:29:48
meni_kut, Донор болгон адам олум алдында жаткан болот.
Эч кандай медицина жанын тируу алып кала албай калганда донор катары ушундай мумкунчулугу чектелгендерге колдонулат. Бул иш ошол донор болчу адамдардын жакындарынын макулдугу менен же донор адамдын озунун уруксаты менен аткарылат.
+2
meni_kut
2017-07-19 21:45:09
бала жоголду десе эле корком ушуга окшогондорго донор болуп кетпесе экен деп,анткени анча мынча ата эне оз баласынын колдорун донорлукка сатпайт.
+5
Arsenal2
2017-07-19 22:39:48
Байкуш бала 11 сааттык операцияны кантип которду
0
Mers124
2017-07-19 23:07:10
Олгон баланын колу да. Тируу баланын колун сатса ата энеси кесилип кетпейби
+5
Medinaa
2017-07-20 01:05:32
Ширин бала го)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан