Түркмөнстанда социалдык тармактарга кирүүгө тыюу салынды

"Түркмөнстандын альтернативдүү кабарлары" басылмасы жазып чыккандай, ушул айдын башынан баштап, Түркмөнстанда "Одноклассники" социалдык тармагындагы видеофайлдарды ачуу мүмкүнчүлүгү жоюлган. Аталган маалыматта жазылгандай, учурда өлкө жарандары мультимедиалык файлдарды кенен-кесири ачып көрө алышпайт. Бул боюнча аталган басылма жана "Азатлык" басылмасы "Түркмөнтелеком" мамлекеттик компаниясы провайдерлер үчүн интернеттин ылдамдыгын төмөндөтүп жана чектеп койгону үчүн ушинтип жатат деген пикирди жазып жатат.

Түркмөнстандын байланыш министрлиги бул чектөөлөргө жүйөлүү себептерди атай элек. Аларга кайрылган жарандарга жана тараптарга министрлик "социалдык тармактарга жол ачылбайт, себеби силер туура эмес сайттарга кирип жатасыңар!" - деп кескин жооп берген.

Түркмөнстан медиа жаатындагы эркиндик боюнча төмөнкү саптарда турат. Ал эми президент Гурбангулы Бердымухамедовду эл аралык уюмдар "Интернеттин душманы" деп атап алгандары бар деп жазат "Азатлык".

Түркмөнстанда көз карандысыз маалымат агенттиктерине, популярдуу социалдык тармактарга, Facebook, ВКонтакте, WhatsАpp жана башка тармактарды колдонууга тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Han1111
2017-07-20 08:38:59
Туура чечим!
+4
MAKALAK
2017-07-20 08:39:31
Туура ошентиш керек жаш балдар да кирип атышат.[moderated] башкаларын да жабыш керек колдойм.
+3
Lion.
2017-07-20 09:39:44
Карангылык. Азыр 21 кылым.
+2
Batma08
2017-07-20 09:54:46
Жайлаптыргоо
0
Bilal2014
2017-07-20 10:24:01
Ватсап да жок болсо анда строгий экен
+1
Hadyja
2017-07-20 22:39:32
Бизде митинг болуп,3-жолу президентибизди дагы бир жака качырмакпыз.Кайран элдин сабыры.
Россиядагы кыргыздардан бери митингке чыкмакпыз биз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан