Түштүк Кореяда жаныбарларды коргогон коом союу үчүн багылып жаткан 149 итти сактап калды

Түштүк Кореянын Йесан уездиндеги ит фермада багылып жаткан 149 итти жаныбарларды коргоочулар эт цехинен сактап калышты. Бул тууралуу жаныбарларды коргогон Humane Society International коомунун маалыматына таянып чет элдик маалымат булактары жазууда.

Маалыматта жазылгандай, ферманын кожоюну иттерди коё берүү чечимин кабыл алган. Ал ишмердүүлүгүнүн түрүн өзгөртүп, дыйканчылык менен алектене турганын айтып өзү жаныбарларды коргоочуларга кайрылган. Анын дыйканчылык чарбасын түзүүгө жаныбарларды коргоочу коом жардам берерин билдирген.

Иттердин басымдуу бөлүгү АКШдагы жаныбарлар кармалган жайларга жөнөтүлсө, кичинекей күчүктөрдү Кореяда багууну туура көрүшкөн.

Иттердин баарын Кореяда жыл сайын белгиленүүчү иттин этинен шорпо кайнатылган Покналь күндөрүнө карата союу мерчемделип жаткан. Humane Society International'дын маалыматына ылайык, Кореядагы багылган иттердин 70-80 пайызы дал ушул убакытта союлат.

2014-жылы бул уюм Кореядагы ондон ашуун ит фермасын жаап, 1000дей итти сактап калган. Ал эми өткөн, 2016-жылы Humane Society International коомунун ыктыярчылары Вонджу шаарындагы фермадагы 200 итти союудан аман алып калган.

Түштүк Кореяда жаныбарларды коргоочулар 149 итти этке союудан сактап калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
admiral
2017-07-20 10:46:00
Азаматтар
0
daak9191
2017-07-20 11:14:55
Биздикилер да ушинтип эшектерди сактап калса
+1
Eli.91
2017-07-20 11:52:51
Кудай озу сактаптыр бечара иттерди.
0
Truelensk
2017-07-20 17:08:34
Аларга козу сыяктуу эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан