Көп кабаттуу үйдөн кулаган куруучунун кабыргасы сынып, өпкөсүнө сайылып калган. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда SUPER.KG`ге Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмазбек Кубатбеков билдирди.
"Абалы жакшы, бүгүн жандандыруу бөлүмүнөн палатага которолу деп жатабыз. Рентген менен текшергенде 3-4 кабыргасы сынып, өпкөсүнө сайылып калганы аныкталды. Андан тышкары баш мээси чайкалган", - дейт Алмазбек Кубатбеков.
Айта кетсек, кырсык Абсамат Масалиев жана Бах көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдө болгон. Анда эки куруучу түшүп турган каретанын бир жагындагы тросу үзүлүп, бир куруучу жерге кулап түшкөн. Ал эми экинчиси каретаны кармап калууга үлгүргөн. Кырсыктын кесепетинен жерге кулап түшкөн куруучу ошол жерден жан берген. Жабырлануучу болсо ооруканага жеткирилген.