Казакстанда телефонго үңүлгөн эне 7 айлык баласын жерге чапты

Казакстанда телефонго үңүлгөн эне 7 айлык баласын жерге чапты. Окуя Талгар аймагындагы Кендала айылында болгон. Аны видеого тартып, ММКларга аял менен чогуу жашаган адам жибергени маалымдалды.

Видеодо кичинекей бөлмөдө телефон кармап отурган аялды, маңдайында турган кичинекей кызды көрүп, ыйлап жаткан баланын үнүн угууга болот. Кыжырданган эне кызга "отур бул жакка!" деп кыйкырат. Тартып жаткан адам аялга "баланы сооротпойсуңбу" дегенине тура калган эне баланы көтөрүп жерге ыргытат.

Полиция кызматкерлери аял 1989-жылы туулган Кендала айылынын тургуну экенин аныкташкан. Видео бир нече күн мурун тартылганы белгилүү болгон. Учурда ага чара көрүү маселеси каралып жатканын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Энеси 7 айлык баласын полго чапты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
zhykyo
2017-07-20 10:21:51
Ушинтип эле ары чаап бери чаап жинди кылып коюшат тура анан билмексен болушуп озу жыгылып кеткен дешип эмне эле оорукчан балдар кобойуп кеткен деп ойлоп журсо
+7
Aruwka.89
2017-07-20 10:30:55
zhykyo,ушундай видео тартып жонотсон паланча мин евро берём деген сунуштар кобойуудо ошонун кесепети оо
+2
bond
2017-07-20 10:53:44
Aruwka.89,это уже лишения родительских прав.
+4
Leilek-razzakov
2017-07-20 10:31:15
Айбан дейин десем, айбан деле балам дейт. Жетишпейт окшойт.
+8
KIPCHAK-KALMAK
2017-07-20 10:32:11
Тартып журогу чыдап олтурган киши да соо эмес екен
+13
regina86
2017-07-20 11:09:47
Тобо кылдым анан чыгышат балама даарылаткпны мынча акча керек жардам берип койгула деп.
+6
Ma9
2017-07-20 11:42:48
Озун жерге чабыш керек сотка деп балдарын карабаган эшек дегенгеда арзыбайт
+6
Patriot7
2017-07-20 13:11:00
Адамдар манкуртка айланып бара жатканынын анык далили...

Биздин келиндер да смартфон кармаса "ичине кирип кетишет" баласы, уй жумуштары бир четте калып эле.....
+3
Hadyja
2017-07-20 13:45:52
Телефон чон азгырык болду,чын эле.Бирдемени коруп же окуп атсан балан ыйласа жинин келет.Бирок,ойлонуп корсон,ал окуп аткан нерсен ото маанилуу деле эмес,ошого интернетти очуруп салып,бала менен ойгоп,сейилдеп келиш керек.
Бул энедей абалга жеткенден Кудай Сактасын,бизге акыл берсин!
+4
datkayimjan
2017-07-20 14:12:27
Бери жакта тартып аткан атасы болсо керек
+1
portugalia
2017-07-20 15:46:38
Больная.
+1
mahbu.kg
2017-07-20 17:20:55
айбанда баласын антпейт,манкурт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан