“Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдери” эл аралык форумдун ачылышы өтүүдө

Бүгүн, 20-июлда Бишкек шаарынын "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдери” эл аралык форумдун ачылышы өтүүдө.

Иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев, Башкортостан Республикасынын башчысы Рустэм Хамитов, Татарстандын президенти Рустам Минниханов катышууда. Бул форум Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен өтүүдө.

Форум Евразиянын аймагында жашаган алтай элдеринин тилдерин, алардын тарыхый-маданий байланыштарынын негизинде жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөөлөрдүн, билим берүү жана маданий долбоорлордун жыйынтыктарын талкуулоо үчүн жаңы аянтча болуп калат.

Эртең, 21-июлда форумдун алкагында Ысык-Көлдүн Өрнөк айылындагы Курманжан датка атындагы көчмөндөр цивилизациясы музейинде "Алтай көчү" экспозициясынын расмий ачылышы болот. Ошондой эле көргөзмө-жарманкеде Кыргыз мамлекетинин бардык музейлеринен алынган Алтай цивилизациясынын элдеринин маданияты жана тарыхын чагылдырган экспонаттар коюлмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан