Кара-Суу районунун тоо арасында жайгашкан Кызыл-Суу айыл аймагына санариптик станция орнотулду

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы тоо арасында жайгашкан Кызыл-Суу айыл аймагына санарипти берүүчү кичи станция орнотулду. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда SUPER.KG порталына Кызыл-Суу айылынын тургуну Жаркын Абдужапаров билдирди.

Анын айтымында, айыл аймак тоо арасында болгондуктан 1 эле телеканал жакшы эмес сапатта көрсөтүлчү. Айыл элинин көгүлтүр экрандан маалымат алуу мүмкүнчүлүгү аз болгон. Мындан улам байланыш адистиги боюнча билимге ээ болгон Ильгиз Айдарбеков аттуу айылдашы санариптик станцияны орнотуу демилгесин көтөргөн.

Ильгиз Радиорелейлик магистралдарынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу өндүрүштүк бирикмесинде эмгектенет. Ал аталган мекемеде иштеп жүрүп өз айылынын тургундары да башка аймактардагы мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалануусун каалап, аны ишке ашырууну көздөп жүргөн.

"Негизи санариптик телеберүүлөрдү жайылтуу боюнча ишти уюштуруу айыл өкмөткө милдеттендирилген. Бирок ансыз да дотацияда турган айыл аймак муну ишке ашыруусуна убакыт кетмек. Андыктан бул демилгем калкка абдан жакты. Учурда айыл аймактагы 6 миңдей жашоочу санариптен 15 телеканалды көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Жердештеримдин кубанычын көрүп эми айылга 4G жана 3G ыкчам интернет байланыштарынын станциясын орнотууну көздөп турам", - дейт Айдарбеков.

Анын айтымында, санарипти берүүчү кичи станцияны орнотууга 70 миң сомдон ашык каражат сарпталган. Ал эми жабдыктар Радиорелейлик магистралдарынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу өндүрүштүк бирикмесинен берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
alisheran
2017-07-20 16:57:42
Азаматсынар жердеш агаларым...мындан ары да айылга кызмат кылып журо бергиле...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан