ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн товар алып келген ишкерлер Бажыканадагы салыктын эки эсе кымбаттоосу көйгөй жаратып жаткандыгын билдиришти

ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн Кыргыз жергесине товар алып келген ишкерлерге 1-июлдан тартып Бажыканадагы салыктын эки эсе кымбаттоосу чоң көйгөй жаратып жатат. Бул тууралуу ишкер Рустам Мамбаев бүгүн, 20-июлда маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусунда буга Бажыкананын салык алууда жаңы ыкма менен иштеп баштаганы себеп болгон. Натыйжада салыктар эки эсе кымбаттап ишкерлер кирешесиз калууда.

"Бажыкана негизи 6 ыкма менен иштейт. Мурда биз биринчи ыкма менен салык төлөп, ага ылайык, товардын баасынын 12 пайызын салык катары төлөчүбүз. Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тартып 6-ыкма менен, тагыраагы, товар жалпы жонунан таразага тартылып, ар бир килограммына 2 доллардан төлөп калдык. Товар 25 тонна болсо, 50 миң доллар төлө деген кеп. Мындай көлөмдө салык төлөсөк биз пайда таппайбыз", - дейт Рустам Мамбаев.

Андан сырткары пресс-конференцияга катышып жаткан ишкерлердин бири Евгений Завьялов аталган 6-ыкманы чийки затты ташыган ишкерлерге колдонууга болбосун айтты.

"Биз Кыргыз өлкөсүнө даяр товарды эмес чийки затты ташып келебиз да бул жактан даярдайбыз. 6-ыкма даярдалган товарлардын баасын көтөрүүгө мажбурлап, атаандаштык жаратууга бут тосот. Натыйжада Казакстан, Орусиядан товар ташыган ишкерлер менен атаандаштык жаратуу кыйынга турат", - дейт Евгений Завьялов.

Андан сырткары, салыктын жаңы ыкма менен алына баштаганынан улам, ишкерлер салыктарды төлөй албай учурда бажыканада жүздөгөн ишкерлердин жүктөрү тургандыгын айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан