Араванда селден жабыркаган турак жай ээлерине башка айылдан жер берилди

Ош облусунун Араван районунун Кичи-Алай айылында селден жабыркагандар башка айылга көчүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Селден жабыркаган 6 турак үй менен кошо сел түшүү коркунучу бар дагы 5 үй, жалпы 11 турак жай ээлери көчүрүлөт. Аларга Кең-Сай аймагынан 6 сотыхтан жер тилкелери бөлүнүп берилет. Мындан сырткары сел агымы жеп кеткен башка үй-бүлөлөргө узак мөөнөттүү насыя берүү каралууда. Бул үй-бүлөлөргө курулуш материалдарынан да жардамдар берилет. Жардамга муктаж үй-бүлөлөр шаарга жакын жайгашкан аймактан жер участок ала алышат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Эске салсак, буга чейин 9-июлда Араван районунда сел жүрүп, турак үйлөрдү суу каптап, авариялык абалга жеткирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Eli.91
2017-07-20 20:22:31
бир Кудай сактаптыр айылды бечара туугандарым.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан