Кара-Суу районунда жалгыз бой эненин 3 эминин экөөсүнүн көзүнө операция жасалды

Кара-Суу районунда 3 эмдин экөөсүнүн көзүнө операция жасалды. Мындай маалыматты бүгүн, 20-июлда SUPER.KG порталына алардын апасы Кызжибек Марипова билдирди.

"Көрүү мүмкүнчүлүгү начарлаган балдарымдын экөөсүнө акысыз операция жасалды. Учурда көздөрү таңылып, бейтапканада жатышат. Турмуш шартыбыз оор болгондуктан буга чейин жергиликтүү айыл өкмөт, район акимдерине кайрылып жардам сурап келгем. Арызымды канааттандырып айыл өкмөт 15 миң сом акчалай жардам берди. Аны турмуштук керектөөлөрүбүзгө жумшап жатабыз", - деди Марипова.

Эске салсак, буга чейин ушул жылдын 6-июлунда Эркин айылынын тургуну Марипова шарты жок батирлердин биринде жашап, турмуш шарты оор болуп 2009-жылы сатып алган жерин документтештире албай жүргөнүн айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Patriot7
2017-07-20 15:37:41
Окмот жардам берсе болбойбу, 15мин сом да акча го, бирок 3 эм баласы менен квйналган эненин кай проблемасын чечууго жарамак?!!....
+2
Patriot7
2017-07-20 15:38:14
Башка олкодо 3 эм учун квартира берилмек, бизде кайдан.....
+1
jonne
2017-07-20 17:03:00
Уч балапаныбызга кайрымдулук концерт уйштуруп жардам берсек жакшы болмок
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан