Саханын мамлекеттик жыйынынын төрагасы: “Якутияда чоң алмаз табылып Чыңгыз Айтматовдун аты берилди”

Якутияда чоң алмаз табылып, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун аты берилди. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда "Алтай цивилизациясы жана алтай тектүү элдери" эл аралык форумунда Саханын мамлекеттик жыйынынын төрагасы Александр Жирков билдирди.

Жирков форумду уюштуруу демилгеси баа жеткис экенин айтып, алтай тектүү элдердин окшош жактары көп экенин баса белгиледи. Ал билдиргендей, 2013-жылы Якутияда табылган алмазга жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата анын ысымы берилген.

Биз бардык мамлекеттер сыяктуу эле Чыңгыз Айтматовду өз жазуучубуз деп тааныйбыз. Жазуучунун чыгармасындагы каармандар ар дайым окурмандардын эсинде болот”, - деди ал. Ошондой эле “Манас” эпосу алардын тилине которулганын дагы кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bak1122
2017-07-20 21:45:23
сонун жанылык
+1
AzKumFerDan
2017-07-21 02:11:05
Ошол алмаз ташты суротунда жарялап койбоптур
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан