Кыргыз мамлекетинин Красноярск шаарындагы консулу Бекжан Дүйшалиев 17-июлда Орусиянын Иркутск облусуна караштуу Ангарск шаарындагы чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу жайдан кабар алды.
Орусиядагы элчиликтин маалымат кызматы билдиргендей, Дүйшөналиев убактылуу кармоочу жайда жаткан 17 Кыргыз жаранынын абалын көрүп, алардын арыз-муңун укту. Кабар алуу учурунда консулдун өтүнүчү боюнча 4 жаранды Кыргыз жерине жиберүү боюнча документтер толтурулду. Алар жакынкы арада Кыргыз жерине келет.