"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Мэрия: "Бишкек шаарындагы "Red Centre" соода борборунун алдындагы унаа токтотуучу жайдын 40 сомдон акы алгандыгы мыйзамдуу"

Бишкек шаарындагы Шопоков көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Жибек Жолуна чейинки аралыгындагы унаа токтотуучу жайлардын 40 сомдон акы алгандыгы мыйзамдуу. Мындай маалыматты бүгүн, 20-июлда Бишкек шаардык мэриясынын жер ресурстар башкармалыгынын башчысынын орун басары Бакыт Анарбеков SUPER.KG порталына билдирди.

Буга чейин шаардагы "Red Centre" соода борборунун алдындагы унаа токтотуучу жайдын баасы карапайым эл үчүн кымбат болуп жатканы маалымдалган.

Анарбеков бул көчөдөгү унаа токтотуучу жайды ижарачылар иштетерин, алар унаа ээлерине заманбап шарттарды түзүп жатканын белгиледи.

"Атайын сынактын негизинде бул жер жеке ишканага ижарага берилген. Ишкана сынактын бардык шарттарына жооп берип, унаа токтотуучу жайга заманбап жабдыктарды орнотуп, жашылдандырып, жолдун четин оңдоп-түздөп иштеп жатат. Өнүккөн шаарлардагы унаа токтотуучу жайларда ушундай шарттар түзүлгөн. Бул ишкана жабдууларды Орусиядан буюртма менен алышкан, таманташ коюп, арыктарды оңдошту, жумушчуларга эмгек акысын төлөп беришет. Анын негизинде унааны токтотуу акысы 40 сомдон. Мындан тышкары ижарачылар ижара катары жыл сайын бюджетке 2 миллион сомдой каражат төгүп турат", - дейт Анарбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Arlenchik
2017-07-20 18:50:07
Эч кандай деле корунуктуу шарт тузулгону байкалбайт, кайсы тузуп койгон шартын айтып жатат, баягы жеп жутарлар акырындык мн стаянка акысын которо башташты да.
+3
Patriot7
2017-07-20 19:41:38
Стоянка акысы 20сомдон жогору болбоого тийиш... Ал эми жон гана жолдун четин стоянка деп акча топтоону биротоло жою керек... Жолдун чети эч кандай платный парковка болуп эсептелбейт....
+3
ryslife888
2017-07-21 01:30:31
40 сом кымбат, мэриянын бир ушлый кызматкери же мэрдин Жыкыны го. Эч бир заманбап Шарты деле жок!
0
ooki8888
2017-07-21 11:16:22
Бул, эл учун жасалган иш эмес. Тескерисинче элди тономойдун закондоштурулган туру. 20 сомдон алсанар деле жетет эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан