"Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районундагы Өрүктү-Сай айылында былтыр бир көпүрө курулган. Аны куруу үчүн сарпталган акча 700 миң сомду түзгөн дешет. Элдин айтымында, бөлүнгөн каражаттын баары көпүрө үчүн сарпталган эмес. Анткени ал 1 жылда эле кулап түшүп калды. Жөө адамдар өтө турган көпүрө союз мезгилинде эле курулган. Ал кулабай эле турат. Унаалар өтүүчү көпүрөбүз бузулуп калып кыйналып жатабыз", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.