Юрист: "Аксыдагы "Жеркенчи" ишканасы 4 жыл мыйзамсыз алтын казып, 20 гектар жайытты жок кылган"

Жалал-Абад облусуна караштуу Ак-Суу айыл өкмөтүндө алтын казган "Жеркенчи" ишканасы 4 жыл мыйзамсыз иштеп, 20 гектар жайытты жок кылды.

"Ишкананын өкүлдөрү жергиликтүү бийлик менен жайыттарды кайра калыбына келтирүү жөнүндөгү келишимди аткарбай кетип калышкан", - деди бүгүн, 21-июлда өткөн маалымат жыйында юрист Номанжан Аркабаев. Ал аталган ишкана 2013-жылдан 2017-жылдын жаз айларына чейин Ак-Суу айылындагы алтын кенин казышканын айтты.

"Жеркенчи" ЖЧКсынын алтын казганга уруксаты болгон эмес. Болгону Таш-Көмүр шаарына жакын жерде Көк-Кыя деген жерде алтын кенин чалгындоого уруксаты болгон. Алар аукциондо турган Ак-Суу айылындагы алтын кенинде жасалма документ менен иштешкен", - дейт Аркабаев.

Маалымат жыйынга катышкан Ак-Суу айылынын тургуну Айбек Жангаров аталган ишканада күзөтчү болуп иштеген. Ал ишкана жумушчуларынын айлык акысын толук бере албай, жетпей калган бөлүгүн кенден казылып алынган алтын менен төлөгөндүгүн айтты.

"4 адамга акыркы айлык акыбызды алып жатканда 5 миң сомдон төлөп бере алышпай, казылып алынган кенди кумдан бөлүнө элек күкүмдөрү менен төлөшкөн. Бул мыйзамсыз экен, бирок бул тууралуу ал убакта билген эмеспиз", - дейт ал.

Жангаров аталган ишкананын эч кандай уруксат кагазы болбогондугун, буга байланыштуу ал мамлекетке салык төлөбөгөндүгүн кошумчалады.

"Дегеле бул ишкананын бардык иш-аракеттери мыйзамсыз жүргүзүлгөн. Жогору жакта колдогон адамдар болсо керек, антпесе жергиликтүү тургундар канча жолу арыз менен ар кайсы бийлик түзүмдөрүнө кайрылышкан, эч бир жерде көңүл бурулган эмес", - деп кошумчалады ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ZHYRGAl1412
2017-07-21 14:26:18
Эптеген эшек минет болуптур
+1
Aidani
2017-07-21 19:13:44
Туштон кийин мыйзамсыз иштеген деп чыга берет калп эле, башта эшек такалап журдун беле текшербей, же сага берем деген доляны алалбай калган го туштон кийин чукуп чыкканга Караганда, 4 жыл брю билбей Эми кеткенде билгенин кара, кеткен келин жаман дегендей
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан